Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Биз кимбиз

ЮНИСОН Групп – энергетикалык менеджмент, туруктуу жана кайра жаралуучу энергия менен камсыз кылуу, энергияны үнөмдөө, энергетикалык натыйжалуулук, жашыл технологиялар, жашыл финансы, климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жумшартуу, суу ресурстары жана курчап турган чөйрө сыяктуу тармактарда туруктуу чечимдерди сунуштоого адистешкен кесипкөй эксперттик-аналитикалык уюм.

Жаратылышты коргоо, жашыл экономиканы куруу, адам капиталын жогорулатуу, ошондой эле мамлекет, коом жана бизнес ортосундагы конструктивдүү диалогду чыӊдоо жаатындагы билимди жана инновацияларды берүү, жайылтуу аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү.

Биз Кыргыз Респубикасын келечекте табигый экосистемалары сакталган, адам капиталынын деӊгээли жогору, жашыл экономикасы калыптанган, инновациялык, укуктук жана ар тараптуу өнүккөн өлкө катары көрөбүз.

ЮНИСОН Групп туруктуу өнүгүү, энергия үнөмдөө жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы лидер болууга умтулат. Биз Кыргызстанга климаттын өзгөрүшүнө ыӊгайлашууга жана энергетикалык натыйжалуулукту жакшыртууга жардам берген алдыӊкы чечимдерди түзүүнүн жана колдонууга киргизүүнүн үстүндө иштейбиз. Биз экологиялык жана энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды жана технологияларды ишке киргизебиз. Бул кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануунун жана энергия үнөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн жаӊы ыкмаларды иштеп чыгууну, анын ичинде мыйзамдык деӊгээлде иш жүргүзүүнү өзүнө камтыйт.

ЮНИСОН Групп уюмунун урааны — «Өнүгүүдөгү гармония». Бул чакырык компаниянын инновациялар менен салттардын, технологиялар менен экологиянын, мамилекет менен коомдун, адам менен жаратылыштын, бизнес менен эксперттик коомчулуктун, ошондой эле ар кыл муундагы адамдардын ортосундагы теӊ салмактуулукка умтулуусун чагылдырат.

Биздин тарых

ЮНИСОН Групп – бул жарандык коомдун көйгөйлөрү менен иштеген («Юнисон» коомдук фонду) жана консалтинг кызматтарын көрсөткөн («Юнисон Консалтинг» ЖчК) уюмдардын альянсы. ЮНИСОН Групп 2002-жылдан тартып энергиянын натыйжалуулугу, энергиянын кайра жаралуучу булактары, климаттын өзгөрүшү, туруктуу өнүгүү жана башка чөйрөлөрдө 100 ашык региондор аралык долбоорлорду ишке ашырган. ЮНИСОН Групп бүгүнкү күнү 20+ жылдык тажрыйбага ээ жана ушул тармактарда лидер болуп саналат.

2002

ЮНИСОН Групп уюмунун ишмердүүлүгү 2002-жылы - биздин негиздөөчү Нурзат Абдырасулова «Юнисон» коомдук фондун каттоодон өткөргөн учурдан башталган жана жана алгачкы кызматкерлер менен бирге долбоорлорду ишке ашыра баштаган, ал адистердин айрымдары бүгүнкү күнгө чейин биздин катарыбызда иштеп келет.

Алгачкы биздин ишмердүүлүк курчап турган чөйрөну коргоого жана экологияга кам көрүүгө багытталган ар кандай экологиялык иш-чараларды, жыйындарды жана жарандык акцияларды өткөрүүдөн турган. Мындан тышкары, биздин команда коомдук ишмердүүлүк менен катар энергетикалык натыйжалуулук жана энергия үнөмдөө тематикасы боюнча аналитикалык документтерди иштеп чыгуу менен иштеп келди.

2005

Бирок 2005-жылга карата биз биринчи пилоттук энергетикалык сертификациялоону ишке ашырдык, андан кийин бул тажрыйба компаниянын жана биздин өнөктөштөрдүн күч-аракети менен кеӊири жайылтыла баштады.

2006

ЮНИСОН Групп 2006-жылдан тартып, климаттык өзгөрүүнүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын коомчулугунун кызыкчылыгын жактап, өлкөнүн атынан эл аралык конференцияларга катыша баштаган.

2011

Биздин компания 2011-жылы мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө да иштей баштады. ЮНИСОН Групп уюмунун адистери тарабынан «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзам иштелип чыккан. Кийин ал мыйзам чөлкөмдөгү энергокризис шартында энергияны туруктуу жана ырааттуу пайдаланууга көмөктөшкөн бир нече мыйзам долбоорлору менен жаӊыланган жана толукталган.

2013

Уюмдун ишине таасирин тийгизген окуялардан: 2013-жылы ЮНИСОН Групп бейөкмөт уюмга жана консультациялык компанияга бөлүндү. Бейөкмөт уюм республиканын мыйзамдары менен ченемдеринин алкагында мамлекеттик сектор чөйрөсүндө энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча маанилүү маселелерди көтөрүп, ошондой эле социалдык-экономикалык факторлорду туруктуу өнүгүү жана адам капиталынын деӊгээлин жогорулатуу жагына өзгөртүү үчүн мыйзамдарга жаӊы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча демилгелерди түзүп иштей баштаган.

ЮНИСОН Групп экономикалык секторлорду талдоо, долбоорлорду иштеп чыгуу, энергоаудит жана энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнү, ошондой эле биздин командадан жана башка жактан чакырылган алдыӊкы эксперттер менен конференцияларды жана маалыматтык кампанияларды уюштуруу кызматтарын көрсөтөт. Биз туруктуу өнүгүүгө жана курчап турган чөйрөнү коргоого багытталган долбоорлор боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга керектүү болгон бардык инструменттер менен эксперттик билимди сунуштайбыз.

2019-2024

Ушул аралыкта биздин компания бир катар эл аралык ири долбоорлорду ишке ашырды. Бардык демилгелер энерго- жана ресурс үнөмдүүлүгү жана натыйжалуулугу, туруктуу туризм, климаттын өзгөрүшү, экосертификация, энергосертификация ж.б. менен тыгыз байланышкан.

2020-2024

«Кыргызстандын туризм жаатындагы энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү» (ПЭРЭТО/PERETO) долбоору ийгиликтүү ишке ашырылган. Долбоор Европа Биримдигинин каржылоосу менен SWITCH-Asia программасынын алкагында Борбор Азиядагы Америка Университети (БААУ) тарабынан UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия) жана Collaborating Centre on Sustainable Consumption and Production – СSCP (Германия) сыяктуу өнөктөш уюмдар менен консорциумда жүзөгө ашырылды.

Долбоордун максаты – Кыргызстандын туризм секторундагы чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) арасында туруктуу өндүрүштү жана керектөөнү (ТӨК), жана электр энериясынын жана ресурстардын натыйжалуулугунун (ЭРН) практикасын илгерилетүү аркылуу энергетикалык коопсуздукка жана туруктуу өсүүгө көмөк көрсөтүү болгон.

Биз сиздердин ишеним жана кызматташууӊуздар үчүн ыраазыбыз. Сиздердин колдоо жана биргелешкен эмгек бизге жаӊы бийиктиктерди багындырууга жана туруктуу өнүгүүгө олуттуу салым кошууга жардам берет. Биз биргеликте бардыгы үчүн гармония жана өнүгүүнү бирдей камсыз кылган инновация менен экология айкалышкан келечекти түзөбүз.

Бизге жазыӊыз