
Дубал календарында 2016-жылдын күндөр түрмөгү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы пайдалуу кеӊештердин тизмеси жана үйдөгү жылуулук жоготууну кыскартуу боюнча сунуштар камтылган. Ошондой эле, «Юнисон» коомдук фондунун энергия керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун байланыш даректери, тематикалык жөнөтмөлөргө шилтемелер берилген.
Материал «Үшүбө/Будь в тепле, Кыргызстан! -2» долбоорунун алкагында Мамлекеттик натыйжалуу башкарууну колдоо программасынын колдоосунда (GGPAS) USAID «Юнисон» коомдук фонду тарабынан иштелип чыгарылган.