
Бишкекте 2025-жылдын 11-апрелинде имараттардын энергетикалык классын эсептөөнүн жаӊы инструментин өздөштүрүү боюнча тренерлер үчүн тренингдердин (ToT) гибриддик онлайн-оффлайн окутуу сериясынын үчүнчү сессиясы болду.
Кимдер үчүн: архитекторлор, инженерлер, энергия натыйжалуулук боюнча консультанттар.
Үчүнчү сессия имараттын тосмо конструкцияларынын мүнөздөмөсүнүн негизинде жылытууга карата энергия муктаждыгын эсептөөгө арналган.
Тема: Тосмо конструкциялардын мүнөздөмөсүнүн негизинде жылытууга карата энергия керектөөнү эсептөө:
- Имараттын геометриясы
- Жылуулук берүү (U)
- Көлөкө түшүрүү, жылуулук чыгуучу жерлер
- Энергияга үнөмдүү имараттар жана тосмо конструкциялар ж.б.
Тосмо конструкциялардын ар бир элементи жана жылытууга муктаждыкты эсептөө үчүн Excel инструментин пайдалануу менен мисалдар берилди.
Тренинг Эл аралык климаттык демилгенин бир бөлүгү IKI чакан гранттар программасы колдогон «Энергия натыйжалуулук боюнча сапаттуу консультациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Долбоор Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлиги (BMWK) менен Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланып, Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH аркылуу ишке ашырылууда.