
2025-жылдын 21-октябрында Бишкек шаарында Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуу программасынын (ЦАРЭС) Аялдардын бизнес-форуму болуп өттү. Форум Борбордук жана Батыш Азиядагы гендерге багытталган жашыл инновациялар боюнча маанилүү маселелерге арналды.
Кыргыз Республикасындагы Азия өнүктүрүү банкына (АӨБ) караштуу туруктуу өкүлчүлүктүн директору Чжэн Ву өзүнүн ачылыш сөзүндө жашыл инновациялар менен технологиялар гендердик теңдик жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу татаал маселелерди чечүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратарына басым жасады.
Ал мындай деди: “Таза энергия, климатка ылайыкташкан айыл чарба жана туруктуу инфраструктура аялдардын ден соолугуна болгон коркунучтарды азайтып, алардын жүгүн жеңилдетет. Санариптик жана жашыл технологиялар аял ишкерлерге, инженерлерге жана коомдук лидерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Аялдар инновацияларга тартылганда, коомдор туруктуураак болуп, баары үчүн пайда көбөйөт.”
Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары Султан Ахматов да форумга катышып, гендердик теңдик менен жашыл инновациялар туруктуу экономикалык өсүштүн негизги факторлору экенин белгиледи.
«Жашыл инновациялар жана гендердик теңдик үчүн бирге» урааны алдында өткөн форумга гендердик теңдик жана жашыл инновациялар боюнча адистер, өнөктөш уюмдар, ЦАРЭС 2025-жылдын «Гендердик теңдик жана жашыл инновациялар» сыйлыгынын лауреаттары жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр катышты.
Иш-чара Академия ОБСЕ, ПРООН, ЕБРР, Элдик Банк жана UNISON Group менен өнөктөштүктө уюштурулду. Форум төрт панелдик сессиядан турду, ар бири ар башка өнөктөш уюм тарабынан уюштурулуп, белгилүү адистер жана лауреаттар катышты.
1-сессия, Академия ОБСЕ менен биргеликте өткөрүлүп, гендердик жана жашыл инновацияларды ЦАРЭСтин климаттык демилгелерине интеграциялоо темасына арналды. Себастьян Майер Академиянын гендердик жана жашыл өнүгүүгө берилгендигин белгиледи. Сүйлөгөндөрдүн арасында Бурулча Сулайманова, Садик Сайед (ООН Аялдар), Тара Узра Дауд (Пакистан) жана Хаяла Мириева (Азербайжан) болду. Модератор - Роман Вакульчук.
2-сессия, ЕБРР менен биргеликте өткөрүлүп, аялдар жетектеген жашыл инновацияларды каржылоого арналды. ЕБРР өкүлү Айтен Рустамова аял ишкерлердин ролун жана алар үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
3-сессия, ПРООН менен уюштурулуп, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту гендерге сезимтал саясат жана жашыл инновациялар аркылуу жогорулатуу маселесин талкуулады. ПРООН өкүлү Патрик Хаверман аялдардын, айрыкча айыл жериндеги аялдардын климаттык өзгөрүүлөргө болгон сезимталдыгын жана алардын лидерлигинин маанисин белгиледи.
4-сессия, Элдик Банк менен биргеликте өткөрүлүп, аялдардын жетекчилиги астындагы экологиялык инновацияларга багытталган климаттык чечимдерди камтыды. Элдик Банктын төрага орун басары Айчүрөк Жакыпова гендердик теңдик менен климатка каршы күрөш бир максатты көздөгөн процесс экенин айтты.
Сессиянын модератору UNISON Group президенти жана ЦАРЭС 2024 “Гендер жана климат” сыйлыгынын лауреаты Нурзат Абдырасулова болду.
Форумдун алкагында UNISON Group тарабынан аял ишкерлер жана аялдар коомчулугу ишке ашырган жашыл инновациялык чечимдер көрсөтүлгөн көргөзмө уюштурулду.
Аялдардын бизнес-форуму ЦАРЭС 2030 Гендердик стратегиясынын алкагында өткөрүлдү. Бул стратегия аялдардын укуктарын кеңейтүүгө, алардын муктаждыктарын эске алып, аймактык долбоорлордо тең мүмкүнчүлүк алуу шарттарын түзүүгө багытталган.
ЦАРЭС Гендердик стратегиясы 2001-жылы негизделип, Азия өнүктүрүү банкы колдогон кеңири ЦАРЭС программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Программа Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүн аймактык кызматташтык аркылуу туруктуу өнүгүүгө бириктирет.