Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Энергетикалык натыйжалуулук классын эсептөөнүн жаӊы инструментин өздөштүрүү боюнча тренерлер үчүн тренинг (ToT)

28-март, 2025-ж.

Бишкекте 2025-жылдын 28-мартында имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун эсептөөнүн жаӊы инструментин өздөштүрүү боюнча онлайн-тренинг болду.

Тренингдер энергетика, энергия үнөмдөө, курулуш, жылуулук техникасы жана имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча сертификатталган адистерди даярдаган жогорку окуу жайларынын окутуучулары үчүн, ошондой эле ушул тармакта иштеген архитекторлор менен эксперттерге арналган.

Окутуу прорграммасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган:

    Энергетикалык натыйжалуулукту эсептөөгө киришүү
    Имараттарды баалоо үчүн Excel-инструментин пайдалануу
    Кыргызстандын мыйзамдарына жана ченемдик актыларына сереп.

Анда ЮНИСОН Групп компаниясынын Президенти Нурзат Абдырасулова, имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча чет элдик эксперттер спикерлик кылышты.
Тренинг «Энергия натыйжалуулук боюнча сапаттуу консультациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Окуу имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, консультанттардын туруктуу тармагын түзүү жана Кыргыз Республикасында энергия үнөмдөө жаатындагы квалификациялуу адистердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү максатын көздөйт.

Долбоор Эл аралык климаттык демилгенин бир бөлүгү болгон IKI чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынган. IKI чакан гранттарын Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлиги (BMWK) менен Тышкы иштер министрлиги каржылайт жана Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH аркылуу аткарылат. Бул долбоор ЮНИСОН Групп тарабынан ишке ашырылууда.

Презентация: 
Бизге жазыӊыз