Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

«Имараттарды энергиялык сертификаттоону өркүндөтүү: жаңыланган методология жана санариптик инструменттер» мастер-тренинги

2025-жылдын 16-декабрында

Бишкекте 2025-жылдын 16-декабрында «Имараттарды энергиялык сертификаттоо: жаңыртылган методология жана санариптик инструменттер» аттуу мастер-тренинг өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандагы энергия эффективдүүлүгүнүн келечектеги өнүгүүсүнө негиз боло турган жаңы ыкмаларды жана санариптик чечимдерді таанытуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Имараттарды энергиялык сертификаттоо  бул имараттардын энергиялык мүнөздөмөлөрүн объективдүү баалоого, энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого жана заманбап технологияларды колдонууга өбөлгө түзгөн механизм.

Методологияны жаңыртуу жана жаңы санариптик инструментти иштеп чыгуу боюнча иштер ЮНИСОН Групп тарабынан 2024-жылдан бери «Өлкө боюнча энергия эффективдүүлүк боюнча сапаттуу консультациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп келет. Долбоор IKI (International Climate Initiative) кичи гранттар программасы тарабынан колдоого алынган жана Германиянын Экономика жана климаттык аракеттер министрлиги (BMWK) менен Германиянын Тышкы иштер министрлиги (AA) тарабынан каржыланып, GIZ тарабынан ишке ашырылууда.

16-декабрдагы мастер-тренингде төмөнкү багыттар боюнча материалдар сунушталат:

  • энергия эффективдүүлүгүн эсептөөнүн жаңыртылган методологиясы;
  • энергия керектөөсүн, СО₂ бөлүнүшүн жана жаңылануучу энергия булактарынын үлүшүн аныктоочу жаңы санариптик Tool;
  • практикалык кейстер жана реалдуу долбоорлордун талдоосу;
  • жаңыртылган методологияны практикага киргизүү боюнча сунуштар.

Иш-чара өлкөнүн энергия эффективдүүлүк боюнча консультанттарын, эксперттерди, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерди бириктирип, тармактын келечектеги адистеринин даярдыгын чыңдоого жардам берет.

Бул мастер-тренинг Кыргыз Республикасында энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу, улуттук консультанттар реестрин кеңейтүү жана имараттарды энергиялык сертификаттоо системасын санариптик деңгээлге чыгаруу боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Бул аракеттер жакынкы жылдары өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө, курулуш секторунда сапатты жогорулатууга жана жарандардын жашоо шартынын жакшыртылышына өбөлгө түзөт.

Бизге жазыӊыз