
Буклет энергия керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоочу коомдук борборлордун тармагы жөнүндө кыскача маалыматты камтыйт – бул керектөөчүлөр менен электр бөлүштүрүүчү компаниялардын жана акыркы мезгилдерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы «көпүрө» катары түзүлгөн жаӊы институт, - алардын иштөө усулдары, инструменттер жана натыйжалар жөнүндө маалымат берилет.
Бул борборлор абоненттерге электр менен камсыздоого тийиштүү консультативдик жардам көрсөтүшөт, айрым жагдайларды жана укук бузууларды кантип чечүү керектиги боюнча кеӊеш беришет жана ошол эле учурда ал борборлор энергокомпаниялар менен керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган кадыресе учурлардын алдын алуу багытында иш жүргүзүшөт.