Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Пассивдүү үй 119 м²

Бул долбоор климаты суук айыл жергесинде же чакан шаарларда жашаган үй-бүлөлөрдүн муктаждыгын эске алуу менен иштелип чыккан. Жалпы аянты 119 м² үй бекем темир бетон колонналар жана сейсмикалык курчоо колдонулуп кыштан курулган, бул Кыргыз Республикасынын сейсмикалык активдүү аймактарында конструкциянын бышыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.

Долбоордо үйдүн жалпы чатырынын алдында жайгашкан жана  жаан-чачындан коргогон аянты 21,2 м² террасага өзгөчө көӊүл бурулган. Биздин менталитетте жайкы эс алуу үчүн короодогу көлөкөдө сөрү пайдалануу абдан өнүккөн жана бул терраса ушундай салттар үчүн абдан ылайык келет. Ал ашкана бөлмөсүнө жакын турат жана жаӊы бышкан тамак-ашты дасторконго дароо берүүгө шарт түзөт. Жайдын ысык кечинде мында үй-бүлөлүк кечки сый тамакты же достор менен таза абада жолугушуу уюштурууга болот.

Үйдүн ички планы:

  • Ашкана бөлмө (15,3 м²)
  • Конок бөлмө (26,4 м²)
  • Уктоочу бөлмө (17,8 м²)
  • Балдар бөмөсү (14,0 м²)
  • Холл (13,3 м²)
  • Коридор (13,2 м²)
  • Тамбур-шлюз (5,5 м²) жана кире бериш бөлмө (4,3 м²)
  • Санитардык түйүндөр (4,1 м²)
  • Откана (5,1 м²)

Конструкциянын өзгөчөлүктөрү

  • Пайдубал тутуму кыртышы туруксуз тилкелерде ишенимдүү негизди камсыз кылат.
  • Фасад минералдык була менен жылууланган жана эки түрдүү технология менен жасалган: травертинден жасалган желдетүүчү фасад жана ак түстөгү кооз декор шыбак тартылган, бул үйгө заманбап жана стилдүү тышкы көрүнүш берет.
  • Дубалдын этеги гранит менен капталган, бул аны зыяндан жана нымдан коргойт.
  • Чатырдын алдын алюминий сайдинг менен бүтөө үйдүн сыртын тыкан көрсөтөт жана конструкциянын узакка бузулбай бекем турушун камсыз кылат.
  • Төрт талаалуу чатыр жаан-чачындан натыйжалуу коргойт жана катуу шамалга туруктуулукту камсыз кылат.

Долбоордун авторлору: “МА Архитектс” ЖЧК, m_architects@mail.ru

Бизге жазыӊыз