Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Пассивдүү үй 127 м²

Жалпы аянты 127 кв.м. түзгөн 1 кабаттуу жеке турак жай. Пассивдүү үй принциптерине ылайык түштүккө багытталып долбоорлонгон. Үйдүн ички планы дээрлик бардык бөлмөлөрдөн террасага чыгууга эсептелген, бул бардык жашоочуларга үйдүн ичинде гана эмес, ачык асман алдында террасага чогулууга мүмкүндүк берет.

Үйдүн ички палын

  • Балдар бөлмөсү (12,55 м2)
  • Конок бөлмө (28,96 м2)
  • Ашкана (12,16 м2)
  • Санитардык түйүн (1,88 м2)
  • Коридор (5,68 м2)
  • Санитардык түйүн-2 (4,78 м2)
  • Уктоочу бөлмө (19,44 м2)
  • Тех. бөлмө (6,16 м2)

Өзгөчөлүгү:

  • Энергия үнөмдүүлүк. Бул долбоордун негизги мүнөздөмөсү жогорку энергетикалык натыйжалуулук. Имарат жылытуу үчүн дээрлик энергия талап кылбайт, ал эми абаны кондициялоого эч зарылдык жок.
  • Жылытуу жана ысык суу.

1. Негизги жылуулук: түштүк фасаддын терезелери аркылуу өткөн күндүн нурларын табигый түрдө пассивдүү пайдалануу.
2. Экинчи жылуулук: жылуу дубалдар.
3. Үчүнчү булак: меш.
Чатырга жалпы аянты 4 кв.м. 2 панель (2м х 1м) орнотууга мүмкүнчүлүк бар, бул ашканага жана ванна бөлмөсүнө, ошондой эле дубалдарды жылытуу үчүн жылуулук тутумуна ысык суу берет.

  • Көлөмдүү чечим. Ошондой үй энергия натыйжалуулукка жетишүү үчүн жыйнактуу формада жасалган. Бул жылытуу периметрин жана муздай турган аянтты кыскартууга мүмкүндүк берет. Чатырдын формасы бир тарапка ≥ 3° жантык. Мындай жантыктык жаан-чачындын жай сарыгып агышы үчүн жетиштүү, бирок ошол эле учурда чатырдын жашыл катмарынын туруктуу кала беришүү маанилүү.
  • Көрктөндүрүү. Тилке жеке керектөө үчүн жашылча, мөмө-жемиш жана гүлдөрдү өстүрүү үчүн активдүү пайдаланылат.  

Долбоордун автору: Сайкал Жунушова Oekofacta & «Архитектура Дизайн Девелопмент» ЖЧК, addcompany.kg@gmail.com

Бизге жазыӊыз