Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Пассивдүү үй 130 м²

Бул долбоор тиричиликке ыӊгайлуулугун жана үнөмдүүлүгүн эске алуу менен климаты суук шарттагы айыл жергесинде жана чакан шаарларда жашаган үй-бүлөлөрдүн муктаждыгына багытталып иштелип чыккан.  Жалпы аянты 130 м² үй бекем темир бетон колонналар менен сейсмикалык курчоо колдонулуп кыштан курулган, бул Кыргыз Республикасынын сейсмикалык активдүү аймактарында конструкциянын ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.

Үйдүн ички планы:

  • Ашкана (16,6 м²)
  • Конок бөлмө (25,3 м²)
  • Уктоочу бөлмө (16,1 м²)
  • Балдар бөлмөсү (19,8 м²)
  • Жалпы колдонуудагы бөлмө (12,2 м²)
  • Коридор (16,6 м²)
  • Тамбур-шлюз (7 м²) жана кире бериш бөлмө (4,6 м²)
  • Санитардык түйүн (4,4 м²)
  • Кол жуугуч (2,3 м²)
  • Откана (5,1 м²)

Конструкциянын өзгөчөлүгү:

  • Пайдубал тутуму кыртышы туруксуз тилкелерде ишенимдүү негизди камсыз кылат.
  • Фасад минералдык була менен жылууланган жана ак түстөгү декор шыбак жана жумшак керамикадан түзүлгөн клинкер кыштары менен жасалгаланган, бул үйгө заманбап жана стидлдүү көрүнүш тартуулайт.
  • Дубалдын этеги гранит менен капталган, бул аны зыяндан жана нымдан коргойт.
  • Чатырдын жээгин алюминий сайдинг менен бүтөө сырткы тыкан көрүнүштү жана конструкциянын узак убакыт кызмат кылышын камсыздайт
  • Төрт талаа чатыр жаан-чачындан натыйжалуу коргойт жана катуу шамалга туруктуулукту камсыз кылат.

 Долбоордун авторлору: “МА Архитектс” ЖЧК, m_architects@mail.ru

Бизге жазыӊыз