Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Пассивдүү үй 150 м²

Жалпы аянты 150 м² эки кабаттуу жеке турак жай чоӊ үй-бүлөгө ылайыкталган. Конок бөлмөсүнөн жана ашканадан тышкары 3 уктоочу бөлмө жана жалпы колдонуудагы бир бөлмөсү бар. Пассивдүү үй принциптери боюнча түштүккө багытталып пландалган. Конок бөлмөдөн жана ашканадан террасага чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, бул жалпы тилкени чогуу пайдалануу сезимин тартуулайт.

Үйдүн ички планы:

  • Конок уктоочу бөлмө (9,6 м2)
  • Конок бөлмө (31,04 м2)
  • Ашкана (14,23 м2)
  • Санитардык түйүн (2,26 м2)
  • Мастер уктоочу бөлмө (23,86 м2)
  • Санитардык түйүн (5,57 м2)
  • 1-балдар бөлмөсү (15,88 м2)
  • 2-балдар бөлмөсү (14,12 м2)
  • Холл (8,32 м2)

Өзгөчөлүктөрү:

  • Энергия үнөмдүүлүк. Бул долбоордун негизги мүнөздөмөсү жогорку энергетикалык натыйжалуулук. Имарат жылытуу үчүн дээрлик энергия талап кылбайт, ал эми кондициялоого эч зарылдык жок.
  • Жылуулук изоляциясы. Долбоордо экологиялык жылуулук изоляция колдонулган – дубалы, полу жана шыбы саман боолору менен жылууланган, бул пассивдүү үйдүн стандарттарына шайкеш келет. Мындай конструкция аз жылуулук жоготууну камсыз кылат: жылуулук берүү коэффициенты дубалдар үчүн 0,15 Вт/м²К, пол үчүн 0,19 Вт/м²К жана шып үчүн 0,29 Вт/м²К көрсөткүчүн түзөт, бул кышында жылуулукту жайында салкындыкты натыйжалуу сактоого мүмкүндүк берет.
  • Айнектөө. Жылуулук жоготууну төмөндөтүү үчүн үйдө эки катар энергия натыйжалуу айнек пакеттер каралган. Алардын жылуулукту изоляциялоо касиети эӊ жогору, бул жылытууга жана кондициялоого кошумча чыгым кетирбей жайлуу микроклиматты колдоого жардам берет.   
  • Желдетүү. Аба менен камсыздоо тутуму сырттан таза аба агымы кирген кезде дагы жылуулукту сактоого мүмкүндүк берген рекуператорлорго негизделген. Бул кошумча жылуулук жоготуусуз имарат ичиндеги ыӊгайлуу микроклиматты камсыз кылат жана энергия керектөөнү олуттуу төмөндөтөт.
  • Тыгыздыгы. Имаратта абанын сыртка чыгышын коргоого өзгөчө көӊүл бурулган. Долбоордо конструкциянын тыгыздыгын жокко чыгарган түйүндөрү майда-чүйдөсүнөн бери иштелип чыккан, бул кошумча энергия натыйжалуулукка жана жашоо үчүн жайлуу шарт түзүүгө көмөктөшөт.
  • Жылуулук жоготууну жокко чыгаруу. Конструкцияда жылуулук жоготуу деӊгээли өтө жогору зоналардын пайда болушунун алдын алуучу бөлүктөр каралган. Бул жалпы үйдүн ичинде жылуулукту тегиз бөлүштүрүүгө кепилдик берет жана конденсат менен нымдуулуктун пайда болуу тобокелдигин азайтат.

Долбоордун авторлору: Сайкал Жунушова Oekofacta & «Архитектура Дизайн Девелопмент» ЖЧК, addcompany.kg@gmail.com

Бизге жазыӊыз