Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Пассивдүү үй 93 м²

Жалпы аянты 93 м² эки кабаттуу жеке турак жай абдан жыйнактуу план менен түзүлгөн жана кичинекей участокко эсептелген. Пассивдүү үй принциптерине ылайык түштүккө багытталып долбоорлонгон.

Үйдүн ички планы:

  • Тамбур (6,70 м²)
  • Ашкана бөлмө (9,55 м²)
  • Конок бөлмө (19,94 м²)
  • Санитардык түйүн (1,24 м²)
  • Откана (3,0 м²)
  • Холл (7,99 м²)
  • Санитардык түйүн (3,68 м²)
  • Уктоочу бөлмө 1 (13,59 м²)
  • 1-балдар бөлмөсү 1 (11,25 м²)
  • 2-балдар бөлмөсү (13,50 м²)

Өзгөчөлүгү:

  • Энергия үнөмдүүлүк. Бул долбоордун негизги мүнөздөмөсү жогорку энергетикалык натыйжалуулук. Имарат жылытуу үчүн дээрлик энергия талап кылбайт, ал эми кондициялоого эч зарылдык жок.
  • Жылуулук изоляциясы. Үй энергия үнөмдүүлүктү эске алуу менен долбоорлонгон жана жылытуу үчүн болгону 4,84 кВтс энергия талап кылат, ал эми кадыресе үйлөр 15 кВтс жогору энергия керектейт.
  • Жыйнактуулук жана форма. Энергия натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн имарат жыйнактуу формада пландалган, бул жылуулук жоготууга жана муздаганга дуушар болгон аянттарды азайтат. Чатыры бир жактуу ≥ 3° жантыктык менен жасалган, бул жашылдандырылган катмардын туруктуулугу сакталган шартта жаан-чачындын сарыгып жай агышын камсыз кылат.
  • Экологиялык. Үйдүн айланасындагы бош мейкиндик жеке керектөө үчүн жашылча, мөмө-жемиштерди жана гүлдөрдү өстүрүүгө бакча-огород катары кызмат кылат.

Долбоордун авторлору: Сайкал Жунушова Oekofacta & «Архитектура Дизайн Девелопмент» ЖЧК, addcompany.kg@gmail.com

Бизге жазыӊыз