Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Пассивдүү үй 94 м²

Бул долбоор тиричиликке ыӊгайлуулугун жана үнөмдүүлүгүн эске алуу менен суук климат шартында айыл жергесинде жана чакан шаарларда жашаган үй-бүлөлөрдүн муктаждыгына багытталып иштелип чыккан. Жалпы аянты 94 м² үй бекем темир бетон колонналар менен сейсмикалык курчоо колдонулуп кыштан курулган, бул Кыргыз Республикасынын сейсмикалык активдүү аймактарында конструкциянын ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.

Үйдүн ички планы:

  • Ашкана (16,7 м²)
  • Конок бөлмө (21,2 м²)
  • Уктоочу бөлмө (15,7 м²)
  • Балдар бөмөсү (16 м²)
  • Коридор (11,1 м²)
  • Тамбур-шлюз (5,5 м²) жана кире бериш бөлмө (5,6 м²)
  • Санитардык түйүндөр (4,0 м²)
  • Откана (5 м²)

Конструкциянын өзгөчөлүгү:

  • Пайдубал тутуму кыртышы туруксуз тилкелерде ишенимдүү негизди камсыз кылат.
  • Фасад минералдык була менен жылууланган жана каралжын боз жана ак түстөгү декор шыбак менен жасалган, бул үйгө замапбап жана стилдүү тышкы көрүнүш тартуулайт.
  • Дубалдын этеги гранит менен жасалган, бул аны зыяндан жана нымдан коргойт.
  • Чатырдын жээгин алюминий сайдинг менен бүтөө узакка туруктуулукту жана сырткы тыкан көрүнүштү камсыз кылат.
  • Төрт талаа чатырча шамал басымына туруктуулукту жакшыртат жана жаан-чачындан натыйжалуу коргойт.

 Долбоордун авторлору: “МА Архитектс” ЖЧК, m_architects@mail.ru

Бизге жазыӊыз