Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

UNISON Group уюмунун Климаттын өзгөрүшү программасынын координатору Бегим Жанузакова КРдин «Жаштар саясатынын мыктысы» төш белгиси менен сыйланды

Биз UNISON Group уюмунун Климаттын өзгөрүшү программасынын координатору Бегим Жанузакова КРдин «Жаштар саясатынын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган жаӊылыкты кубануу менен бөлүшөбүз.
КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга кошкон салымы үчүн Бегим Жанузакованы 2024-жылы 25-декабрда атайын салтанатта мекемелик сыйлык менен сыйлады.
Белгилей кетсек, UNISON Group жаштардын эл аралык конференцияларга жана демилгелерге катышуусун колдоо аркылуу жаш муунду климаттык иш-аракеттерге активдүү тартып келет. Биз жаштардын чечим кабыл алууларга катышуусуна көмөктөшөбүз, климаттык маселелер боюнча билим берүү программаларын жана жаштардын демилгелерин ж.б. колдойбуз.

Биз кесиптешибизди татыктуу эмгеги үчүн ыйгарылган сыйлыгы менен куттуктайбыз жана кесиптик ишмердүүлүгүнө зор ийгиликтерди каалайбыз.

Датасы: 
2024
Жаштар саясатынын мыктысы
Бизге жазыӊыз