Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

ЮНИСОН Групп эксперти Бакыт Аскарбеков консалтинг жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн 2025 Эл аралык сыйлыгына татыктуу болду

ЮНИСОН Групп эксперти Бакыт Аскарбеков Gabriel Al-Salem Foundation Габриэль Аль-Салем фонду негиздеген консалтинг жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн 2025 Эл аралык сыйлыгынын «Экологиялык жоопкерчилик, туруктуу энергетика» категориясында жогорку сыйлыкка татыктуу болду.
2012-жылы негизделген ушул сыйлык тапшыруу азесми жыл сайын өтүүчү салт болуп калган жана дүйнө жүзү боюнча консалтинг жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктерди белгилейт.
Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Апорт» коттедж конушу үчүн Бакыт Аскарбековдун «Энергетикалык натыйжалуулук, үнөмдөө жана экологиялык туруктуулук» долбоору экологиялык курулуш жаатындагы чыныгы ачылыш болуп калды.
Бакыт Аскарбеков ушул конушта заманбап тазалоочу курулмаларды жана энергияга үнөмдүү дренаждык системаларды ийгиликтүү ишке киргизди, бул саркынды суулардын көлгө кошулушун азайтты.
Ошону менен ал өлкөнүн эӊ маанилүү табигый ресурстарынын бирин сактоого абдан зор маанилүү салым кошту.
Мындан тышкары, долбоор тазаланган сууну сугат жана техникалык муктаждыктар үчүн кайталап колдонууга мүмкүндүк берген системаны камтыйт. Бул калдыктардын көлөмүн азайтат жана суу ресурстарын ырааттуу башкарууга да көмөктөшөт. Туруктуу өнүгүүгө кошкон көрүнүктүү ушул салымы үчүн Бакыт Аскарбеков абройлуу сыйлыкка татыктуу түрдө ээ болду.
Быйыл Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Украинанын жана Индиянын көрүнүктүү консультанттары сыйланды.
Сыйлыкка татыктуу болгон долбоорлор БУУнун Туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен тыгыз байланышкан, глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү жана узак мөөнөттүү өзгөрүүлөргө түрткү берет.

Датасы: 
2025
Экологиялык жоопкерчилик, туруктуу энергетика
Бизге жазыӊыз