
ЮНИСОН Групп 2019-жылы Габриэль Аль-Салем атындагы «Консалтингдеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн» Эл аралык сыйлыгынын «Жашыл экономика жана курчап турган чөйрө үчүн консалтингдин мыктысы» номинациясында жеӊүүчүсү болду.
ЮНИСОН Групп 2019-жылы Габриэль Аль-Салем атындагы «Консалтингдеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн» эл аралык сыйлыгынын «Жашыл экономика жана курчап турган чөйрө үчүн консалтингдин мыктысы» номинациясында жеӊүүчү болгонун кубануу менен билдиребиз.
2012-жылдан бери «Чек арасыз консалтинг» Эл аралык сыйлыгы консалтинг ишмердүүлүгүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктер үчүн жыл сайын ыйгарылат. Конкурс дүйнө жүзү боюнча кесипкөй бизнес-консультанттарды жана консалтинг компанияларын кардарлар үчүн иштеги эӊ мыкты натыйжаларга жетүүгө шыктандырууга багытталган.
Мында кардардардын бизнестеги ишинин жыйынтыгы көрүнүктүү натыйжаларга жетишкен, о.э. консалтингдеги жогорку кесипкөй стандарттарды жана мыкты дүйнөлүк практикаларды жайылтууга көмөктөшкөн долбоорлорду ишке ашырган компаниялар жеӊүүчү болуп калышты. Анда коомчулуктун бакубатчылыгын жана курчап турган чөйрөнү жакшыртууга багытталган Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууга байланышкан долбоорлорго өзгөчө көӊүл бөлүнгөн.
«Консалтингдеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн» Эл аралык сыйлыгынын жеӊүүчүлөрү Сыйлыкты ыйгаруу боюнча Эл аралык комитет тарабынан аныкталат жана бекитилет, анын курамына башкаруу боюнча улуттук институттардын өкүлдөрү, ICMCI (Менеджмент боюнча консультанттардын Эл аралык кеӊеши) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын BAS Программасынын өкүлдөрү кирет.
Маалымкат:
Габриэль Аль-Салем фонду (АКШ) — бул Калифорнияда катталган, экономикасы өткөөл учурду башынан кечирип жатан өлкөлөр менен байланыштарды түзүүнү, практиканын мыкты мисалдарын илгерилетүүнү жана туруктуу өсүштү камсыз кылууну максат кылган коммерциялык эмес уюм. Сапаттуу консультациялык кызматтар аркылуу жеке ишканалардын потенциалы ачууга жардам берүү ушул максаттарга жетүү жолдорунун бири болуп саналат. Фонд Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (EBRD) Борбордук Азиядагы Бизнес маселелери боюнча консультация берүү Программасынын (BAS) директору болуп иштеген жана ушул чөлкөмдө жана башка өлкөлөрдө консалтинг индустриясын өнүктүрүүгө зор салым кошкон Габриэль Аль-Салемдин көрүнүктүү ишмердүүлүгүнө арналып түзүлгөн.