Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

ЮНИСОН Групп керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Сүйүнчүлүү жаңылык менен бөлүшүүгө кубанычтабыз: ЮНИСОН Групптун өнүктүрүү боюнча менеджери Жаныбек Кулумбетов керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземи 2026-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде болуп өттү. Ардак грамотаны Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Мурат Иманалиев тапшырды.

Бул сыйлык керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, укуктук маданиятты жогорулатууга жана жарандар, бизнес жана мамлекет ортосундагы адилеттүү мамилелердин принциптерин жайылтууга багытталган кесипкөй ишмердүүлүктүн, жоопкерчиликтин жана ырааттуу эмгектин жогорку баасы болуп саналат.

ЮНИСОН Групп үчүн бул сыйлык уюмдун коомдук кызыкчылыктарды коргоо, жарандарды маалымат менен камсыз кылуу жана өлкөдө ишенимди жана социалдык жоопкерчиликти бекемдөөгө багытталган демилгелерди өнүктүрүү боюнча көп жылдык ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктайт.

Кесиптешибизди татыктуу сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди, жаңы кесиптик жетишкендиктерди, күч-кубатты жана Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн маанилүү иштерди улантууда түгөнгүс дем-күч каалайбыз.

Датасы: 
2026
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы үзүрлүү эмгеги үчүн
Бизге жазыӊыз