
Борбордук Азиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын (БААЭК) алкагында гендердик теӊчилик жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы жетишкендиктер үчүн 2024-жылдын “Gender Climate Awards” сыйлыгы Астанада (Казакстан) 2024-жылы 6-ноябрда өткөн жогорку деӊгээлдеги салтанаттуу иш-чарада БААЭКке мүчө-мамлекеттердин 15 өкүлүнө жана уюмдарга тапшырылды.
Сыйлыктын максаты Борбордук жана Батыш Азиядагы туруктуулук, адаптациялоо жана климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу шартында гендердик теӊчиликке маанилүү салым кошкон жактар менен уюмдардын ишин баалоо болуп саналат.
Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) регионалдык кызматташтык жана интеграциялоо боюнча жетекчиси Лязиза Сабырова өз кайрылуусунда лауреаттардын гендердик теӊчилик жана климаттык өзгөрүүгө туруктуулук үчүн күрөшүү ишине берилгендигин жогору баалады.
«Сиздердин максатка берилгендик жана шыктануу тартуулаган иш-аракетиӊиздер урмат-сыйга татыктуу. Сиздер бизге эӊ татыктуу коом болуу үчүн гендердик-инклюзивдик жолду бирге кура ала турганыбызды көрсөттүӊүздөр. Бүгүн биз сиздердин иш-аракеттерди, чечкиндүү кадамыӊыздарды жана климаттык коркунуч алдында гендердик теӊчиликке толук түрдө берилгендигиӊиздерди баалайбыз», – деп айтып өттү Лязиза Сабырова.
UNISON Group президент Нурзат Абдырасулова, Кыргызстандын өкүлү катары гендердик өӊүттөрдү эске алган жана энергетикалык сектордо аялдардын таасирин жогорулатууга шарт түзгөн стратегияларды иштеп чыгуу үчүн сыйлыктарга татыктуу болду.
«Ыраазылык жана колдоо мага жана менин командам үчүн абдан маанилүү. Биз климат жана энергетикалык натыйжалуулук жана энергия үнөмдөө жаатындагы демилгелерди колдоо жана жайылтуу үчүн көп иштерди аткарып жатабыз. Мен бул сыйлыкты утуп алганыбызга абдан кубанычтамын, бул биздин республикада аялдардын таасирин жогорулатуу үчүн дагы жакшы иштөөгө жана чоӊ максаттарга умтулууга шыктандырат. Ушундай зор колдоо үчүн сиздерге рахмат», - деди Нурзат Абдырасулова.
Лауреаттар БААЭКке мүчө-мамлекеттер болгон Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан дээрлик жалпы 200 талапкердин арасынан кылдат тандалып алынган.
2001-жылы иштей баштаган жана Азия өнүктүрүү банкы колдогон БААЭК программасы Борбордук Азиянын жана Батыш Азиянын аймактык кызматташуусу аркылуу өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн бирге иштеп жаткан өлкөлөрдүн жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн берилгендик менен кызматташуусун билдирет.