ЮНИСОН Групп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө энергия үнөмдөөнү жайылтуу жана калкты энергия менен үзгүлтүксүз, ишенимдүү жана жеткиликтүү камсыз кылуу максатында жана энергосекторду башкарууну жакшыртууга колдоо көрсөтөт.
ЮНИСОН Групп инновациялар үчүн жолдорду аныктоо жана жашыл экономиканы илгерилетүү үчүн мыйзамдык жана ченемдик базаны чыӊдоонун үстүндө иштеп келет.
Заманбап технологияларды жергиликтүү салттар менен айкалыштырган ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү көрсөткөн пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу, жергиликтүү энергия керектөөчүлөр арасында маалымдуулукту жана сабаттуулукту жогорулатуу дагы Юнисон Групп уюмунун негизги ишмердүүлүк багыттарынын бири. ЮНИСОН Групп КР Жогорку Кеӊешине 2011-жылдын 26-июлундагы №137 Кыргыз Республикасынын «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамын толуктап иштеп чыгууга колдоо көрсөткөн.
Ушул мыйзамга ылайык, бардык долбоорлоно турган имараттар энергетикалык натыйжалуулуктун эӊ төмөнкү талабына – В классына шайкеш келүүгө тийиш.

Ошондой эле, КР «Кыргыз Республикасынын энергия үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», анын ичинде «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» жана «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамдар менен иштер жүргүзүлдү. Ошентип «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» КР мыйзамы энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган натыйжалуу институционалдык жана ченемдик база түзүү үчүн негиз болуп калды.
Анын ичинде, Мыйзамдын энергетикалык изилдөөлөр жөнүндө 9-беренесинде мындай изилдөөлөрдү мамлекеттик сертификациялоодон ыйгарым укуктуу органдардан өткөн адистер гана жүргүзүүгө тийиш экени так көрсөтүлгөн. ЮНИСОН Групп уюмунун көмөгү менен Имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, сертификацияланган адистердин жана буу казандардын энергетикалык натыйжалуулугунун отчетторунун мамлекеттик реести негизделген. Мындан тышкары, жылытуу, желдетүү, абаны кондициялоо, буу казан жабдуулары, имараттарды жылуулук коргоо боюнча курулуш ченемдери иштелип чыккан.
Ушул документтер менен кеӊири таанышууну, ошондой эле сиздин муктаждыктар үчүн ылайыктуу энергетикалык экспертти аныктоо, имараттардын энергетикалык сертификатынын берилгендигин же бардыгын текшерүү, буу казандарынын же жылытуу системаларынын текшерүүдөн өткөрүлгөндүгүн төмөнкү сайттан биле аласыздар https://energoreestr.kg/
Биздин кызматтар:
- Энергия керектөөгө аудит – энергетикалык жана жылуулук жоготууларды талдоо жана аныктоо
- Энергия натыйжалуулукту эсептөө – жылуулоо боюнча ылайыктуу чечимдерди тандоо
- Сметалар жана долбоорлор – жумуштар менен материалдарды ачык-айкын пландаштыруу
- Заманбап технологиялар – инновациялык материалдар жана жылуулоо ыкмалары
- Жанылоо – конструкцияны жылуулоо, терезелерди алмаштыруу, жылытуу системасын ылайыктоо боюнча сунуштамалар.
Жеке жана корпоративдик кардарлар менен иштешебиз. Ойлонуп үнөмдөгүлө – жаратылышты сактагыла.









