Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Форумдар жана конференциялар

ЮНИСОН Групп – климат, энергия үнөмдүүлүгү жана ESG-трансформация жаатындагы ишкер иш-чараларды өткөрүү лидерлеринин бири. Биз практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн бизнестин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бирге чогултабыз.

ЮНИСОН Групп менен тегерек стол өткөрүүнүн артыкчылыктары:

  • Кесипкөй адистердин болушу: биздин команда туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү жана энергетика чөйрөсүндө көп жылдык тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адистерден турат.
  • Өнөктөштөр тармагы: мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык уюмдар жана жеке сектор менен кеӊири байланыштар иш-чараларга негизги стейкхолдерлерди катышууга тартууга мүмкүндүк берет.
  • Жекече мамиле: биз иш-чараларды өткөрүүнүн планын биздин кардарлардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен иштеп чыгабыз, ошону менен бирге эӊ жогорку натыйжалуу жана майнаптуу болушун камсыз кылабыз.

Биздин кызматтар:

  • Уюштуруунун толук цикли – концепция иштеп чыгуудан пост-аналитикага чейин
  • Спикерлерди тандоо – тармактын алдыӊкы эксперттерин ишке тартабыз
  • Техникалык жана логистикалык колдоо – иш-чаранын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу
  • Медиа-колдоо – ЖМК жана соцтармактарда PR-коштоо
  • Сунуштамаларды иштеп чыгуу – иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчетторду даярдоо

Иш-чаралардын форматы:

  • Эл аралык конференциялар
  • Тармактык форумдар
  • Жабык тегерек стол иш-чаралары
  • Стратегиялык сессиялар жана башкалар.

Инновациялык чечимдер жарала турган кесипкөй диалог үчүн аянтчаларды түзөбүз.
Өзүӊүздүн иш-чараны өткөрүүнү биздин эксперттер менен талкуулаӊыз. Бизге азыр жазыӊыз.

Өткөрүлгөн конференциялар:

6 из 6
Көндүмдөрдү жана билимди өнүктүрүү, өспүрүм кыздар менен балдардын жана жаштардын потенциалын чыӊдоо, алардын COP29 максаттарына ылайык климатка байланыштуу демилгелерин ишке ашырууга мүмкүндүк берген суу жана климатка байланышкан күч-аракеттерин бириктирүү, саясий диалогдорго катышуу жана туруктуу...
Долбоор Жогорку Кеӊешке КРдин «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» жана «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана мыйзам долбоорлорун бекитүүгө жардам берүүгө багытталган.    
Бишкекте 2023-жылы 25-декабрда «Туруктуу туримди өнүктүрүү жана Кыргызстанда «Eco.Kg» ыктыярдуу экологиялык сертификациясын киргизүү» конференциясы болду.
Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын Тараптардын 28-конференциясына (ТК-28) арналган Климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук форум болду.
Бизге жазыӊыз