Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Консультативдик кеӊеш

Эл аралык миграция уюмунун Өнүктүрүү фондунун (IDF) колдоосунда «Кыргызстандагы жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорун натыйжалуу аткаруу үчүн, ошондой эле жашыл имараттарды илгерилетүү максатында 2023-жылдын 20-октябрында негизги мамлекеттик кызыкдар тараптардын катышуусунда консультативдик кеӊеш түзүлгөн.

Консультативдик кеӊеш долбоордун бардык баскычтарында координация кылуу гана эмес, Кыргызстанда жашыл курулушту өнүктүрүүгө туруктуу мамилени калыптандыруу үчүн маанилүү кызмат аткарат. Кеӊеш профилдик министрликтер, мекемелер жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусу аркылуу техникалык экспертизаны, стратегиялык коштоону жана сектор аралык диалогду камсыз кылат, бул туруктуулук принциптерин улуттук жана жергиликтүү курулуш практикасына интеграциялоого шарт түзөт.

ЮНИСОН Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Экономика министрлиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, ошондой эле муниципалитеттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сыяктуу мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик түзүмдөрү менен тыгыз кызматташат.

Консультативдик кеӊеш өкмөттүк өнөктөштөштөр жана бенефицарий-жамааттар менен диалог жана биргелешкен кызматташуу үчүн платформа катары кызмат кылат.  

«Кыргызстандагы жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагындагы Консультативдик кеӊеш:

  1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
  2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору
  4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
  5. Бишкек шаарынын мэриясы
  6. «Арыш» коомдук бирикмеси
  7. И.Раззаков ат. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

 

Бизге жазыӊыз