
2023-ж. 16-июлда Ысык-Көлдүн Каркыра айылында биринчи жолу «Con-Stan-T» масштабдуу экологиялык форуму өтөт.
Бул иш-чара Россиянын, Европа жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экологиялык курулуш жаатындагы алдыӊкы эксперттерин чогулткан бирдиктүү аянтча болуп саналат. Анда Кыргызстандын жашыл курулуш тармагын өнүктүрүүнүн жолдору жана КР жаӊы «Экологиялык курулуш боюнча кеӊеш» ассоциациясынын өнүгүү стратегиясы, жеке сектор менен биргеликте жашыл жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү сыяктуу үч багыттын чегинде экологиялык курулушту өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен илимпоздордун катышуусунда талкууланат.
«Con-Stan-T» масштабдуу экологиялык форумун Юнисон Групп уюму «Эко-шаар Каркыра» ЖЧК менен биргеликте Дүйнөлүк экологиялык курулуш кеӊешинин - World Green Building Council (GBC) учурдагы мүчөлөрүнүн колдоосунда уюштурду.
Экологиялык форумдун жүрүшүндө ушул иш-чаралар болот:
- Жашыл курулуш жаатындагы тенденцияларга, инновацияларга жана келечектеги өнүгүүгө арналган «Жашыл курулуш дүйнөсү» панелдик сессиясы, - «Тринити» чатыры, 13:00-15:00
- «Жашыл энергетика: дүйнөлүк тренддер жана Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөр» сессиясы - «Тринити» чатыры, 15:30-17:00
- «Кыргызстанда экологиялык курулушту өнүктүрүү» тегерек стол жыйыны - Этно Боз үй, 15:30-17:00
- «Туруктуу туризм» сессиясы - «Тринити» чатыры, 17:30-19:00.
Спикерлер:
- Нурзат Абдырасулова, «Юнисон Групп» Президенти, Kyrgyzstan GBC бирикмесин уюштуруучулардын бири жана башкарма мүчөсү;
- Арстанбек Кадыров, «Кыргызстандын Жашыл Альянсы» ЮЖБ Башкарма төрагасы, Kyrgyzstan GBC бирикмесин уюштуруучулардын бири жана башкарма мүчөсү;
- Аркадий Чернов, «Тринити — Келечектин шаары» Мейкиндикти өнүктүрүү ассоциациясынын президенти, Kyrgyzstan GBC демилгечиси жана уюштуруучулардын бири;
- Константин Куценко, коомдук ишмер, «Эко-шаар Каркыра» ЖЧК уюштуруучусу, Kyrgyzstan GBC бирикмесин уюштуруучулардын бири жана башкарма мүчөсү;
«Con-Stan-T» экологиялык форумунун программасы жөнүндө кененирээк кийинки жаӊылыктардан окуӊуздар.
Экологиялык форум «Happy Yurta Fest» Эл аралык фестивалынын алкагында болот. «Happy Yurta Fest», бул туруктуу шаарларды өнүктүрүү үчүн Экология, Креатив жана Бизнес багыттарын бириктире турган биринчи Эл аралык фестиваль.