
Узак мөөнөттүү келечекте жашыл технологияларды пайдалануу Кыргызстанга азык-түлүк коопсуздугун чыӊдоого, экспорттук потенциалын жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү боюнча глобалдык күч-аракеттерге салым кошууга жардам берет.
2024-жылдын 27-ноябрында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн, аграрчылардын ж.б. катышуусунда өткөн «Агроөнөржай комплекси, айыл чарбасы жана суу пайдалануу чөйрөсүндөгү ЧОИ үчүн жашыл стимулдар жана тоскоолдуктар» деген темадагы семинардын жүрүшүндө ушундай сунуштар айтылды.
Ал эми так дыйканчылык, кайра жаралуучу энергия жана ресурстарды туруктуу башкаруу сыяктуу инновациялар өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, азык-түлүктүн сапатын жакшыртууга жана курчап турган чөйрөнү коргоого көмөктөшөт деген ойлор ортого салынды.
Ошол эле учурда 1999-жылы кабыл алынган КР «Фермердик чарбалар жөнүндө» Мыйзамы мындан ары заманбап талаптарга жооп бербейт. Андыктан үй-бүлөлүк фермердик чарбалар боюнча ФАО багыттарына ылайык жаӊы мыйзам керек. Мындан тышкары, эксперттер айыл чарба секторундагы жергиликтүү мыйзамдарды жакшыртуу боюнча бир катар талаптарды белгилешти.
ЧУА жаатындагы кырдаалды изилдөө максатында ЮНИСОН Групп адистери КР мыйзамдарына контент-анализ жүргүзүштү жана ЧОИ үчүн жалпысынан агрардык тармакка тиешелүү мамлекеттик стимулдарды аныкташты.
Мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын колдоосу ушул долбоорлорду ишке ашырууга негизги таасирин тийгизет, бирок ийгилик фермерлердин өздөрүнүн катышуусуна байланыштуу болот.
«Фермерлер дагы деле өз чыгымдарын кантип азайтууну жана кирешесин жогорулатууну үйрөнө элек. Алар кантип көп киреше табуу тууралуу көз карашын өзгөртсө, ошол эле учурда технологияларды сактап жана энергияга үнөмдүү методдорду пайдалана башташса алар үчүн бизнестин башка тарабы ачылат. Көптөгөн ченемдик укуктук актылар толук иштелген эмес, жеӊилдиктер бар, бирок алар жалпы жана баары эле аларды колдоно алышпайт», - деди Agro Union ассоциациясынын Башкарма төрайымы Бактыгүл Аскералиева.
«Агартуу иштерин жүргүзүү, мыйзамдарды өркүндөтүү жана агрардык секторду өнүктүрүүнүн стратегиясын биргеликте иштеп чыгуу керек. Жашыл экономика – бул пайдубалга муктаж болгон принцип. Башкы көйгөй – биздин фермерлердин консерватизм көз карашы. Биздин милдет - негизсиз көз караштарды өзгөртүү. Ушунун үстүндө бирге иштешибиз керек. Азыр биз чачкынбыз: илим өзүнчө, секторлор өзүнчө, биргелешкен ырааттуу иш-аракеттер жок», — деп айтты «Бай Багбан» ассоциациясынын төрагасы Манас Саматов.
«Эксперттердин аракети менен эки күндө компанияларга жашыл экономикага өтүүдө дем берүү чаралары жана жардам көрсөтүү боюнча сунуштамалар топтолду. Биз чаралар талаптагыдай иштебей турганын жана алар иштеп кетиши жана бизнес үчүн пайдалуу болушу үчүн кошумча күч-аракеттер зарыл экенин түшүнөбүз. Бизнес-коомчулук да четте калбашы керек, алар дагы өз күч-аракетин бириктирүүгө тийиш», - деди ЕРӨБдүн чакан бизнеске консультация берүү боюнча жетектөөчү менеджери Бакай Жунушев.
Соӊунда бардык катышуучулар жашыл технологияларды мыйзамдык деӊгээлде илгерилетүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди мындан ары улантууну макулдашышты.