
Бишкекте, 2024-жылы 23-октябрда «Жашыл экономика 2024» аймактык форуму болорун кубануу менен билдиребиз.
Иш-чара туруктуу өнүгүү жана экологиялык таза технологиялар жаатындагы негизги маселелерди талкуулоо жана алдыӊкы тажрыйбаларды алмашуу үчүн сейрек аянтча болуп калмакчы.
Анткени жашыл экономика – бул планетага камкордук гана эмес, бизнес, инновациялар жана жумушчу орундарын түзүү үчүн жаӊы мүмкүнчүлүктөр.
Форумдун программасында төмөнкү темалар боюнча сектордук талкуулар каралган:
- Жашыл энергетика
- Жашыл курулуш
- Туруктуу туризм
- Калдыктарды башкаруу
Белгилей кетсек, ЮНИСОН Групп SECCA долбоору менен биргеликте жашыл имараттар боюнча сессиянын уюштуруучусу болуп саналат.
Иш-чарада «Борбордук Азияда жашыл экономикага өтүү үчүн саясат жана стратегия» темасында пленардык сессия дагы өткөрүлөт.
Бардык кызыкдар тараптарды форумдун ишине катышууга жана бир кыйла экологиялык туруктуу жана экономикалык жактан гүлдөп өнүккөн келечекти түзүүгө салым кошууга чакырабыз.
Форумга катталуу төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү https://project10406675.tilda.ws.
Толук маалымат алуу үчүн: +996 999 895 362 (WhatsApp)