Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

ЧЫГЫМДАН ҮНӨМДӨӨГӨ КАРАЙ: КЫРГЫЗСТАН ИМАРАТТАРДЫН ЭНЕРГЕТКАЛЫК НАТЫЙЖАЛУУЛУГУНА ТАЛАПТАРДЫ КҮЧӨТӨТ

Бишкекте 2025-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасындагы энергия үнөмдөөнүн учурдагы абалын талкуулоого жана ушул чөйрөдөгү улуттук демилгелердин жыйынтыгын тааныштырууга багытталган «Энергияны үнөмдөө боюнча улуттук диалог: жетишкендиктер, тобокелдиктер, мүмкүнчүлүктөр» деп аталган конференция өтөт. Иш-чара  Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана коммуналдык-турак жай чарба министрлигинин колдоосунда өткөрүлөт жана мамлекеттик органдардын, академиялык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, эксперттик жана кесипкөй коомчулуктун, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрүнүн башын бириктирет.

Кыргызстан, өнүгүүнүн жогорку ыргагынын натыйжасында электр энергиясын иштеп чыгаруу темпинен системалуу түрдө ашып кетип жаткан энергия керектөөнүн туруктуу өсүшүнө дуушар болуусу уланууда. Өлкөдөгү баштапкы энергиянын жарымынан көбүрөөгү имараттарга керектелет, бул курулуш секторун энергия үнөмдөө чөйрөсүндөгү реформалар үчүн негизги багыттардын бири кылат. Курулуштун заманбап стандарттарын түзүү жана энергетикалык сертификациялоону киргизүү бүгүнкү күнү мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп калды жана энергия керектөө өскөн жана климаттык коркунучтардын шартында өзгөчө мааниге ээ болду.

Кыргызстанда мыйзам чыгаруу деӊгээлинде курулуш тармагы үчүн жаӊы милдеттенмелерди аныктаган маанилүү нормативдик документтер кабыл алынды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Мыйзамы жана №531 Өкмөт токтому бардык жаӊы жана реконструкцияланып жаткан имараттар үчүн энергетикалык натыйжалуулуктун минималдык талаптарын белгилейт. Мыйзам объектинин бардык негизги колдонуу этаптарында энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнү милдеттендирет: долбоорлоо жана куруу убагында, пайдаланууга берүүдө, ошондой эле энергетикалык реновация жүргүзүүдө бул милдеттүү талап болуп калды. Кыргыз Республикасы мыйзамына ылайык, имараттарга энергетикалык натыйжалуулуктун минималдык талабы "В" классынын жогорку чеги менен аныкталат. 

Энергетикалык сертификациялоонун жыйынтыгы боюнча, имарат ээси имараттын энергетикалык натыйжалуулук классы көрсөтүлгөн сертификатты алат жана жылуулукту жоготууну азайтуу боюнча иш-чаралар сунушталат. Бул энергетикалык натыйжалуулукту өлчөөгө ылайыктуу жана шартын ачык-айкын кылат, ошондой эле сапаттуу курулуш кызматтар рыногунун өнүгүшүнө түрткү берет. Мыйзамдык реформалар кайра толукталуучу энергия булактарын өнүктүрүп, инфратүзүмдү жаӊылап жана туруктуу курулуштун стандарттарын жайылтып жаткан мамлекет тарабынан колдоого алынууда.

Жаӊы талаптарга жана кесипкөй кадрларларга муктаждыктарга жооп катары ЮНИСОН Групп 2024-жылдын август айынын тартып IKI чакан гранттар программасы (International Climate Initiative) колдогон жана ФРГ Экономика жана климат боюнча аракеттенүү министрлиги (BMWK) ФРГ Тышкы иштер федералдык министрлиги менен биргеликте  каржылаган «Энергия үнөмдөө боюнча сапаттуу консультациялык кызматтардын бүткүл

 

өлкөдө жеткиликтүүлүгү» долбоорун ишке ашырды. Долбоор адистерди даярдоонун улуттук системасын түзүүгө, методикалык базаны өнүктүрүүгө, регионалдык потенциалды чыӊдоого жана энергетикалык сертификациялоо жаатында туруктуу кесипкөй чөйрө түзүүгө багытталган.

Демилге алкагында масштабдуу окутуу тренингдери өлкөнүн жети регионунда болду: Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас аймактарында, ошондой эле Бишкекте жана Чүй облусунда имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча окуулар өткөрүлдү. Архитекторлорду, инженерлерди, муниципалитеттердин өкүлдөрүн жана окутуучуларды кошо алганда, жалпы 220 адис окутуулардан өтүштү. Бул мыйзам талаптарын иш жүзүндө колдонууга жөндөмдүү биринчи регионалдык консультанттар командаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. 

Эл аралык эксперттер  Италиядан келген Лаурент Сокал жана Словакиялык Яна Бенжалованын катышуусунда университет мугалимдери, жеке адистер жана регионалдык инженерлер үчүн тренерлерди даярдоо программасы долбоордун негизги таасирдүү иштеринин бири болуп калды. Анын жардамы менен 6 университеттин жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү эми энергетикалык сертификациялоо мобулдарын инженерия, курулуш жана архитектура боюнча билим берүү программаларына интеграциялоого даяр болуп калды, бул бүткүл өлкө үчүн туруктуу кесипкөй база түзмөкчү. Универститеттерде энергоаудит кесиби жана энергия үнөмдөө жаатындагы келечек пландары жөнүндө конок лекциялар өткөрүлдү.

Эл аралык эксперттер имараттарга энергетикалык сертификациялоону жүргүзүү билимин, методологиясын актуалдаштырууга жана жаӊылоого жардам беришти, ошону менен Кыргыз Республикасынын эксперттерине санариптештирүүнү эске алуу менен ушул тармакта заманбап стандарттарды практикада пайдаланууга мүмкүндүк түздү. Өлкөдөгү кырдаалды изилдөө жана алардын негизинде коомдук жана мамлекеттик институттарды өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан жана сунушталган эксперттердин сунуштары жана энергетикалык сертификациялоону андан ары өнүктүрүү үчүн демилгелер өзүнчө баалуу табылга болуп калды.

Адистерди практикалык колдоо менен камсыз кылуу үчүн энергия үнөмдөө боюнча биринчи санариптик консультанттар тармагы түзүлдү. Буга катышкандардын саны энергетикалык сертификациялоого кызыгуунун жана эксперттик колдоого талаптын өсүп жатканын күбөлөндүрүп турат. Тармак кесипкөй баарлашуу, билим, кеп-кеӊештерди алмашуу жана эксперттер, илимий коомчулук жана регионалдык өнөктөштөр ортосундагы иш-аракеттерди координациялоо үчүн эӊ сонун платформа болуп калды.

Өсүп бара жаткан энергия керектөө жана улуттук энергосистемага күчөп жаткан басым шарттарында Кыргызстан ченемдик-укуктук базаны жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жөнгө салуучу институттук механизмдерди өркүндөтүү зарылдыгына туш болду. Ушуга байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларында ЮНИСОН Групп тарабынан эки Улуттук диалог өткөрүлдү, аларга мамлекеттик органдарды, эл аралык өнөктөштөрдү, эксперттерди ж.б. кошо алганда, жалпы 200 ашык катышуучу катышкан. Ошол жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, жоопкерчиликтүү ведомстволорго ченемдик-укуктук базаны реформалоо, энергосертификациялоо талаптарын жүзөгө ашыруунун механизмдерин өнүктүрүү жана институттук инфратүзүмдү чыӊдоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөр менен биргелешкен кайрылуу даярдалган. Бул мамлекеттик саясатты кесиптик практикалар менен макулдашууга карай маанилүү кадам болуп калды.

Мындан тышкары, долбоор техникалык компетенттүүлүктүн өсүшү, маалымдуулуктун жогорулашы жана сертификациялоо кызматына суроо-талаптын өсүшү байкалган региондордо олуттуу таасирин тийгизди. Ал энергия үнөмдүүлүк кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жана мыйзам талаптарын киргизүү үчүн пайдубал түздү, бул узак мөөнөттүү келчекте энергия керектөөнү төмөндөтүүгө, үй чарбалардын бюджетин үнөмдөөгө жана Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга көмөктөшөт.

«Энергия үнөмдөө боюнча сапаттуу консультациялык кызматтардын бүткүл өлкө боюнча жеткиликтүүлүгү» долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү энергетикалык сертификациялоону ийгиликтүү киргизүүгө бекем негиз түздү, улуттук потенциалды чыӊдады жана долбоор аяктагандан кийин өнүгүүсүн уланта турган кесипкөй экосистеманы түздү.

Бизге жазыӊыз