
2026-жылдын 18–19-июнунда Бишкекте энергетика тармагындагы технологиялар, жабдуулар жана инфраструктуралык чечимдерге арналган «Energy Expo Kyrgyzstan – ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, энергетикалык коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана инновациялык технологияларды жайылтуу маселелерин талкуулоо үчүн негизги аянтчалардын бири болуп калды.
Көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнамдан 40тан ашуун компания катышты. Экспозиция кайра жаралуучу энергия булактарын, гидроэнергетиканы, электротехникалык жабдууларды, энергетикалык объектилерди долбоорлоо жана куруу багыттарын, ошондой эле энергоэффективдүүлүктү жогорулатууга багытталган заманбап чечимдерди камтыды.
Көргөзмөнүн алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин кеңешмеси өттү. Ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика тармагындагы мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, тармактык уюмдардын жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн, каржы институттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасын энергетика министри Алтынбек Рысбеков өкүлдүк кылды.
ЮНИСОН Групптун командасы көргөзмөнүн катышуучуларына жана өнөктөштөрүнө энергоэффективдүүлүк, кайра жаралуучу энергия булактары, туруктуу өнүгүү, климаттык саясат жана жашыл каржылоо багытындагы демилгелерин тааныштырды. Эки күндүн ичинде уюмдун адистери энергоэффективдүү технологиялар боюнча консультацияларды өткөрүп, эксперттик коомчулук жана компаниялардын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашып, энергетика тармагынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн заманбап чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Көргөзмөгө катышуу өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого, жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө жана мамлекеттик органдар, жеке сектор, эл аралык уюмдар жана эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
ЮНИСОН Групп көргөзмөнүн уюштуруучуларына, өнөктөштөрүнө жана биздин стендге келген бардык конокторго ыраазычылык билдирет. Жаңы идеялар жана жетишилген макулдашуулар Кыргызстанда жана аймакта энергоэффективдүү жана климаттык жактан туруктуу чечимдерди жайылтууга багытталган жаңы демилгелердин негизин түзөт деп ишенебиз.
Жаңы жолугушууларга жана биргелешкен ийгиликтерге чейин!