Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Кыргызстанда БУУ КӨАК Тараптарынын конференциясынын 28-сессиясынын алдында Климаттын өзгөрүшү боюнча Улуттук форум болуп өттү Башкы баракчалар

Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын Тараптардын 28-конференциясына (ТК-28) арналган Климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук форум болду. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, БУУ Өнүктүрүү программасы, Юнисон Групп, Кыргызстандын Жашыл Альянсы менен өнөктөштүктө уюштурулган бул иш-чара кызыкдар тараптардын активдүү катышуусунда климаттык өзгөрүүнүн коркунучтарына каршы күрөшүү күч-аракеттерин бириктирүүгө жана пландарды түзүүгө мүмкүндүк берет жана Кыргызстандын жана бүткүл аймактын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшөт.

Кыргызстан орточо температуранын жогорулашы, жаан-чачындын азайышы, көп кайталанган жана катуу кургакчылык, ошондой эле табигый кырсыктардын коркунучунун көбөйүшү сыяктуу кубулуштар коштогон климаттын өзгөрүшүнүн олуттуу кесепеттерине дуушар болду. Бул коркунучтар биргелешкен күч-аракеттерди жана чечимдерди талап кылат.

Форумдун башкы максаттарынын бири Кыргызстандагы жана жалпы эле чөлкөмдөгү климаттык өзгөрүүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын көӊүлүн буруу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого жана анын кесепеттерин жоюуга багытталган стратегияларды жана пландарды иштеп чыгуу болуп саналат. Форум ТК-28 :[1] расмий өкүлчүлүгү аныктаган төмөнкүдөй темалар боюнча жалпы улуттук позицияны иштеп чыгуу максатын дагы көздөйт.

  • 2030-жылга чейин адилет, теӊ укуктуу жана ырааттуу энергетикалык үнөмдөөгө өтүүнү жана зыяндуу таштандыларды бөлүп чыгарууну кыскартууну тездетилген ишке ашыруу;
  • Климаттык каржылоону өзгөртүү жана финансылоо боюнча жаӊы багыттар үчүн негиздерди түзүү;
  • Климаттык иш-аракеттердин борборунда негизги көӊүлдү жаратылышка, адамдарга, жашоого жана тиричилик каражаттарына коюу;
  • ТК өткөрүү үчүн күч-аракеттерди мобилизация кылууну бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда жана толук инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу менен жүргүзүү.

Өлкөдө 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуугунун концепциясы иштелип чыкты, ошондой эле зыяндуу таштандыларды бөлүп чыгарууну кыскартуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-аракеттердин негизги механизми катары УДАС -  Улуттук деӊгээлде аныкталуучу салымдарды ишке ашыруу планы даярдалды, ушуну менен өлкө Президенти жана Кыргызстандын өкмөтү алган эӊ жогорку климаттык убада аткарылганы ырасталды.   
КРдин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев буларды баса белгиледи: Биз «Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында алдыбызга курчап турган чөйрөнүн туруктуулугун камсыз кылуу жана өнөр жай жана чарба жүргүзүүчү объектилердин ишмердүүлүгүнүн терс таасирлерин азайтуу милдетин коебуз. Биз экологияга багытталган бизнести өнүктүрүүгө, «жашыл» экономика принциптерин секторлор аралык саясатка интеграция кылууга жана калдыктарды аз чыгарган, ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө басым жасайбыз. Кыргызстан азыр «климатка туруктуу» технологияларды жана саясатты эске алуу менен өзүбүздүн өлкөнүн келечегин кура турган чечүүчү мезгилде жашап жатат. Биздин биргелешке ишибиз жана чечкиндүү аракеттерибиз оӊ өзгөрүүлөргө жана баары үчүн туруктуу келечек түзүүгө алып келет».
ЖК КР депутаты Камила Талиева мындай деп билдирди: «Бардык дүйнө өлкөлөрү климатты сактоо боюнча конкреттүү чараларды көрүп жатат. Тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшү өзгөчө чоӊ коркунучтарды жаратат, ошондуктан бүгүнкү күнгө карата биздин ишмердүүлүк климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларына багытталууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Президенти БУУнун 26-конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын көмүртек нейтралдуулугуна, энергия үнөмдүүлүгүнө жана климатка туруктуулугуна жетишүүгө даярдыгын баса белгилеген. Жогорку Кеӊеш мүмкүн болгон бардык колдоону көрсөтүүгө даяр жана жергиликтүү органдарды жана эл аралык уюмдарды бул багытта чогуу иштөөгө чакырат. Мен баарына ийгилик каалайм жана бул форум бизге климаттын өзгөрүшүнө каршы турууга жана Париж Макулдашуусунун пункттарын аткарууга жол ачат деп ишенем».

«Тараптардын конфренциясынын алдында Улуттук форумду уюштуруу бирдиктүү позиция иштеп чыгуу үчүн маанилүү иш-чара болуп саналат. Министрликтер менен мекемелердин, эл аралык коомчулуктун, коомдук уюмдардын, жаштардын, академиялык чөйрөнүн катышуусу иш-чаранын маанисин жана бардык тараптардын кызыкдарлыгын айтып турат. Бул форум алдыда турган климаттын өзгөрүшү боюнча тараптардын конференциясына Кыргызстандын ийгиликтүү катышуусуна салым кошот деп үмүттөнөбүз жана бүгүн ушул иш-чарада биз бирдиктүү позиция иштеп чыгууга пайдалуу боло турган резолюциянын долбоорун иштеп чыктык», - деп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова белгиледи.

Кыргызстандагы БУУӨП туруктуу өкүлү Александра Соловьёва мындай деп белгилеп өттү: «Биз климаттын өзгөрүү коркунучтарын жеӊүү жана биздин өлкөгө туруктуу келечекти камсыз кылуу үчүн биргеликте аракет кылышыбыз керек».

Юнисон Групп уюмунун Президенти Нурзат Абдырасулова буларды белгиледи: «Маданий мурастарга жана табигый ресурстарга бай Кыргызстан азыр чек араны билбеген, мурда болуп көрбөгөн кооптуу таасирлер - климатты өзгөрткөн коркунуч алдында турат. Бирок ушул коркунуч шарттарында бирге аракеттенүү, инновациялар жана өзгөрүүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Биздин өлкөлөрдүн тарыхый туруктуулугу биздин жаӊы ыкмаларды киргизүү жана кыйынчылык алдындагы кызматташуу жөндөмүбүздү айтып турат. Биз лидерлер, эксперттер жана активисттер катары бүгүнкү аянтчаны алдыга туруктуу жол иштеп чыгууга пайдаланабыз».

Форум убагында климаттын өзгөрүү көйгөйлөрүн тереӊ изилдөөгө, ар түрдүү ой-пикирлер менен идеяларды жыйноого, ТК-28 карата позиция үчүн конкреттүү сунуштарды жана чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзгөн панелдик сессиялар, бет ачарлар жана башка өз ара аракеттенүү формасындагы көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү.

Форум климаттын өзгөрүшү, энергетика, туруктуулук жана адаптация боюнча саясатты, мамлекеттик, академиялык, жеке менчик жана жарандык секторлордун ортосундагы өз ара кызматташууну жакшыртуу жана башка бир катар кеӊири темаларды камтыды.   

Форумдун жыйынтыгында төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • 2023-жылкы БУУ КӨАК ТК-28 сессиясына карата улуттук позиция үчүн жарандык коом, жеке менчик сектор, жаштар жана академиялык чөйрөнүн сунуштарын иштеп чыгуу;
  • Энергетика, суу жана мөӊгү багыттары боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоо;
  • Стратегиялык пландарды бекемдөө үчүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана митигация иштерине секторлордун катышуусун жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;   
  • 2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын көмүртек нейтралдуулугуна жетишүүсү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды түзүү;
  • Климат жаатындагы улуттук саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ой-пикирлерди жана сунуштамаларды даярдоо;
  • Климаттын өзгөрүшү боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине коомчулуктун активдүү катышуусу.

Кыргызстандагы климаттын өзгөрүү маселелери боюнча улуттук форум туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн маанилүү окуя экенин көрсөттү. Катышуучулар климаттык өзгөрүүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө активдүү салым кошууга жана жалпы туруктуу келечек түзүү үчүн өздөрүнүн бардык күч-аракеттерин бириктирүүгө даярдыгын билдиришти.

Бизге жазыӊыз