Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Кыргызстандын ар кыл аймактарынын журналисттери энергия үнөмдөө жана ЭКЖБ негиздерин үйрөнүштү

Бишкек, Ош, баткен, Жалал-Абад жана Нарындын кесипкөй журналисттери 2024-жылы 17-18-октябрда ЮНИСОН Групп уюмунун энергия жана ресурс үнөмдүүлүгүн жана чакан энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКЖБ) боюнча тренингине катышты.
Тренингдин биринчи күнү лекторлор Нурзат Абдырасулова – ЮНИСОН Групп уюмунун президенти, энергияны жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча эксперт, Бакыт Аскарбеков - ЮНИСОН Групп уюмунун жашыл экономика жана ЭКЖБ боюнча эксперти жана Жаныбек Кулумбетов – энергия жана ресурс үнөмдүүлүгү боюнча инженер эксперт тренингдин катышуучуларына энергияны жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана ЭКЖБ негиздери, КР Энергияны үнөмдөө жаатындагы мыйзамдары, имараттар жана курулмалардын энергия натыйжалуу технологиясы жана энергияны үнөмдөөнүн ийгиликтүү практикалары ж.б. жөнүндө айтып беришти.  
Алдыӊкы радиостанциялардын, маалымат агенттиктеринин, телеканалдардын, гезиттердин журналисттери, облустук администрациялардын аймактык басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү спикерлерге бардык кызыккан суроолорун беришти.
Тренингдин экинчи күнү ЖМК кызматкерлери 2010-жылдан бери жергиликтүү тазалоочу курулмаларды өндүрүү, куруу, монтаждо жана реконструкциялоо менен иштеп келген «Бинтек» компаниясына барып көрүштү. Алар саркынды сууларды тазалоо технологиясын, өндүрүш цехин жылуулоону, кубаттуулугу 15кВт күн станциясынын жана жылуулук насосторунун иши менен таанышышты. Аталган технологиялар энергияга жана ресурстарга үнөмдүү болуп саналат жана электр кубатын экологияга зыяны жок керектөөгө жана үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Андан соӊ журналисттер ЮНИСОН Групп уюмунун кеӊсесине барышты, ал жактан аларга имаратка колдонулган жашыл технологиялар көрсөтүлдү. Бул күн станциясы, күн коллектору, жылуулук насосу, тазалоочу курулма ж.б. болду. Окутуунун аягында тренингдин бардык катышуучуларына сертификаттар ыйгарылды. Журналисттер иш-чараны уюштуруучуларга алган билимдери үчүн ыраазылык билдиришти, жаӊы тажрыйбага шыктанышты жана биздин спикерлердин кеӊири маалыматынын негизинде жаӊы жаӊылыктар материалдарын даярдоого убада беришти.

ЖМК үчүн тренингдер Борбордук жана Чыгыш Европанын ар кыл өлкөлөрүнүн жаратылышты коргоочу бейөкмөт уюмдарын (ӨЭУ) бириктирген CEE Bankwatch Network тармагынын колдоосунда уюштурулду.

Катышуу үчүн бардыгына ыраазылык билдиребиз! Биздин жашыл толкунда болуӊуздар!

Бизге жазыӊыз