Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Кыргызстандын жаштары климаттык кризиске каршы күрөшкө кошулууда: Климаттык кербендин жыйынтыктары

2025-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарында “Жаштардын климаттык кербени – 2025” демилгесинин жыйынтык иш-чарасы болуп өттү. Бул демилге жаштарды өлкөнүн климаттык күн тартибин түзүүгө кеңири тартууга багытталган. Форум Кыргызстан тарабынан көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгуусун азайтуу боюнча жаңыланган улуттук милдеттемелерди – ОНУВ 3.0 – кайра кароого карай маанилүү кадам болду.

Иш-чара гибрид форматта өтүп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, эксперттердин жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган 50дөн ашык катышуучуну бириктирди.

Форум Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин координациясында, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Climate Promise глобалдык демилгесинин алкагында, Жапония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өткөрүлдү. Партнёрлор катары ЮНИСЕФ, ЮНИТАР, UNISON Group жана LCOY Kyrgyzstan катышты.

Бир нече ай аралыгында “Жаштардын климаттык кербени” өлкөнүн жети облусун камтып, тренингдерди, диалогдорду жана тематикалык сессияларды өткөрдү. Жаштар климаттын актуалдуу чакырыктарын талкуулап, климаттык сабаттуулугун арттырып, өз сунуштарын иштеп чыгышты. Бул сунуштар эми Кыргызстандын жаңыланган климаттык саясатына киргизилет. Алар 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын максаттарына жетүүгө жана Париж келишими боюнча эл аралык милдеттемелерди аткарууга багытталган.

Форумдун жүрүшүндө “Жаштардын климаттык кербени” менен LCOY Kyrgyzstan 2025тин жыйынтыктары жана жаштар сунуштарын ОНУВ 3.0га интеграциялоо боюнча сунуштар сунушталды. Катышуучулар жаштардын улуттук жана регионалдык деңгээлдеги климаттык саясатка катышуудагы ийгиликтүү тажрыйбаларын жана өнөктөштүктү бекемдөө жолдорун талкуулашты.

«Климаттын өзгөрүшү азыркы кезде экологиялык гана эмес, адилеттүүлүк, муундар аралык тең салмактуулук, экономика, азык-түлүк жана суу коопсуздугу боюнча маселе болуп калды. Бул чакырыктарды бардык муундардын күчүн бириктирүү менен гана чече алабыз. Ошондуктан мен өзгөчө сыймыктануу менен белгилегим келет: “Жаштардын климаттык кербени” – бул бир жолку акция эмес, өлкөбүздө туруктуу жана инклюзивдүү климаттык башкарууну куруу процессинин бир бөлүгү», — деди Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биринчи орун басары Кубат Касейинов.

БУУӨП (ПРООН) жана ЮНИСЕФ Борбордук Азия регионунда жаштардын демилгелерин колдоп келет – улуттук жана регионалдык конференциялардан тартып, ОНУВ документтерин иштеп чыгууга жана климаттык кербендерди өткөрүүгө чейин. Бул формат жаштарга билим, жөндөм жана чыныгы таасир этүүчү куралдарды берет, лидерлик сапаттарды өнүктүрөт, коомдук институттарды бекемдейт жана климаттык саясатты дагы туруктуу жана инклюзивдүү кылууга шарт түзөт.

«Климаттын өзгөрүшү жаштар жана балдар үчүн эң чоң коркунуч жаратат. Бул алардын күчү жетпегендиктен эмес, бул өзгөрүүлөргө алар эң сезгич болгондуктан. Биз алардын үнү чечим кабыл алуу деңгээлинде угулушу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз», — деди Кыргызстандагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

«Кыргызстанда 2,4 миллион бала жана жаш адам абанын булганышынын кооптуу деңгээлине туш болуп жатат. Бул — климаттын өзгөрүшү алардын ден соолугуна, билимине жана келечегине түздөн-түз коркунуч туудуруп жаткандыгынын айкын далили. ЮНИСЕФ балдарды жана жаштарды коргоо менен бирге аларды климаттык саясатка активдүү аралашууга түрткү берип келет. Биз алардын үнү жана кызыкчылыктары ОНУВ 3.0да эске алынышын камсыздоого ишенимдүүбүз», — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Таппа.

«Мындай демилгелердин аркасында жаштар улуттук жана эл аралык деңгээлдеги диалогдун толук кандуу катышуучуларына айланууда. Бирок кээ бир көйгөйлөр дагы деле орун алууда: климаттык билимдин жана STEM тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздиги, жаштардын демилгелерин туруктуу колдоо механизмдеринин жоктугу. Бул маселелер аймактарда да көтөрүлдү жана ОНУВ 3.0га берилген жаштар сунуштарында камтылган. Эми бул сунуштарды ишке ашыруу жана жаштар менен чогуу адилеттүү, туруктуу жана коопсуз келечекти куруу аракети турат», — деп белгиледи UNISON Groupтун президенти Нурзат Абдырасулова.

«Климаттын өзгөрүшү — бул келечектин божомолу эмес, азыртадан эле Кыргызстан аймактарынын коопсуздугуна жана коомдук туруктуулугуна таасир эткен чындык. LCOY Kyrgyzstan жана Климаттык кербендин алкагында жаштар өздөрүнүн аймактардагы реалдуу тажрыйбасына таянып, адаптациядан тартып билим берүүгө чейин чечимдерди сунушташты. Бул сунуштар башка пикирлер менен катар тең укуктуу деңгээлде каралышы керек», — деди LCOY Kyrgyzstan 2025 өкүлү Айдана Шокенова.

«Климаттык кербенге катышуу мен үчүн жөн гана тажрыйба эмес, угулууга мүмкүнчүлүк болду. Мен чын жүрөктөн ишенем: жаштардын жана балдардын үнү кабыл алынган чечимдерде эске алынышы керек. Биз — жөн гана байкоочулар эмеспиз. Биз — чечимдердин бир бөлүгүбүз жана өлкөбүздүн климаттык келечегине салым кошкубуз келет», — деди Бишкек шаарындагы №62 мектептин 9-классынын окуучусу, “Климаттык кербен 2025”тин катышуучусу Алибек Алишеров.

Бул жыйынтык иш-чара — жаштар тарабынан иштелип чыккан сунуштарды бириктирген маанилүү этап болуп, алар ОНУВ 3.0 документтерин даярдоодо эске алынат. Бул документтер Кыргызстан тараптан Париж келишиминин максаттарына жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган аракеттерди чагылдырат.

“Жаштардын климаттык кербени – 2025” демилгеси жаштардын климаттык маселелерге болгон кызыгуусу терең экендигин жана алар чечимдерге активдүү катышууга даяр экендигин ачык көрсөттү.

 

Бизге жазыӊыз