Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Ош шаарынын тургундары жылуулукту сактоо жана үйлөрдү жылуулоо ыкмалары жөнүндө кеӊири маалымат алышты

Өлкөнүн түштүк борборунда 2024-жылдын 19-апрелинде «Имараттардагы энергетикалык натыйжалуулук: жаӊы мүмкүнчүлүктөр жана практика» окуу семинар-тренинги болду.

ЮНИСОН Групп эксперттери Жаныбек Кулумбетов менен Бакыт Аскарбеков экологиянын абалы жөнүндө кеӊири айтып беришти, үй чарбалардагы энергия натыйжалуу жана ресурс үнөмдүү технологиялардын жардамы экологияны кантип жакшыртууга болору жөнүндө Кыргызстанда кеӊири таралган практикалар менен тааныштырышты.
Мындан тышкары, инженерлер учурда колдонулуп жаткан үнөмдүү желдетүү тутумдары, изоляциялоо үчүн мыкты материалдар, күн электр станциялары, жылуулук насостору ж.б.у.с. тууралуу айтып беришти.

Бардык катышуучулар окутуу процессине активдүү катышты, теманын актуалдуулугун, өзгөчө быйылкы кыш үчүн керектигин жана алынган билимдерди практикада колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бизге жазыӊыз