
Алматы ш. 15-17-апрель күндөрү Улуттук деӊгээлде аныкталуучу салымдар (ОНУВ) маселеси боюнча Аймактык жолугушуу болду, ага Кыргызстандын өкүлү - ЮНИСОН Групп уюмунун эксперти Жаныбек Кулумбетов катышты.
Бул маанилүү иш-чара Борбордук Азиянын климаттык саясатын жана энергетикалык туруктуу келечегин талкуулоо үчүн бүткүл чөлкөмдөн адистерди, активисттерди жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн чогултту.
Жолугушуунун программасында төмөнкүдөй негизги темалар козголду:
- Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү климаттык жана энергетикалык саясатты жаӊылоо
- Натыйжалуу адвокация жана ЖМК менен өз ара аракеттенүү
- Адилет өткөөл учурдун принциптери жана ар кыл өлкөлөрдүн көз караштары
- ОНУВ 3.0 процессине даярдануу жана климаттык дымакты бекемдөө
- Болочок кызматташуунун түзүмүн аныктоо
Жаныбек Кулумбетов төмөнкүлөр жөнүндө айтып берди:
- КР жаӊы экологиялык демилгелер
- ЭКЖБ үчүн мамлекеттик преференциялар
- Жашыл каржылоо программалары
Ошондой эле, Жаштардын климат кербени – жаштарды Улуттук деӊгээлде аныкталуучу салымдарга (ОНУВ 3.0) тартуу демилгеси жөнүндө айтып берди.
Кызыктуу фактылар:
КР максаты – 2030-жылга карата парник газдарын бөлүп чыгарууну эл аралык колдоо менен 43,62% чейин кыскартуу. Бишкекте катуу тиричилик калдыктарынан электр энергия өндүргөн кайра иштетүүчү экозавод куруу пландалууда.
Жаштар кербени диалог, окутуу жана консультациялар менен КР аймактарын камтыйт.
Мындай иш-чараларга катышуу Кыргызстандын эл аралык аренадагы добушун бекемдейт жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүдө аймактык бирге аракеттенүүгө көмөктөшөт.