Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

ЮНИСОН Групп ЖМК үчүн энергияны жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана ЭКЖБ боюнча тренингге катышууга конкурс жарыялайт

Урматтуу журналисттер,

ЮНИСОН Групп ЖМК үчүн Бишкекте 2024-жылы 17-18-октябрда өтө турган энергияны жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана чакан энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКЖБ) боюнча 2 күндүк тренингге катышууга конкурс жарыялайт.

Окутуу экологиялык көйгөйлөрдү чагылдырган жана жашыл технологиялар жөнүндөгү өз билимин жакшыртууга умтулган журналисттер үчүн арналган. Окуу убагында топтук талкуулар, техникалык изилдөөлөр жана объектилерге баруу каралган, анда энергия натыйжалуу жана ресурстарга үнөмдүү чаралар практикада ишке ашырылган долбоорлор менен тааныша алышат.

Тренингдин темалары:

  • Энергия үнөмдөөнүн негиздери жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу;
  • Энергия үнөмдөөчү долбоорлордун финансылык жана экономикалык өӊүттөрү;
  • Экологиялык темаларды ЖМКда чагылдыруунун заманбап ыкмалары;  
  • Климаттык өзгөрүү жана жашыл технологиялар чөйрөсүндө темаларды жайылтуунун ыкмалары.

Лекторлор:

Нурзат Абдырасулова – ЮНИСОН Групп уюмунун Президенти, энергия жана ресурс үнөмдөө боюнча эксперт

Бакыт Аскарбеков - ЮНИСОН Групп уюмунун жашыл экономика жана ЭКЖБ боюнча эксперти

Дата/Убакыт: 2024-жылдын 18-октябры, 09:00-17:00

Орду: Бишкек ш., The Plaza Hotel Bishkek отели, Тоголок – Молдо көчөсү, 52

Тренингдин тилдери: кыргызча жана орусча

Аймактардан келген журналисттер үчүн 10 орун бөлүнөт, бардык чыгымдары төлөнүп берилет.

Журналисттерди тандап алуунун критерийлери:

  • экологиялык, климаттык жана энергетикалык темаларды чагылдырган журналисттер;
  • климаттын өзгөрүшү, энергиянын кайра жаралуучу булактары же энергия үнөмдөө жаатындагы иш тажрыйбасы бар ЖМК өкүлдөрү;
  • экология жана энергия үнөмдөө жаатындагы темаларды бир кыйла сапаттуу чагылдыруу үчүн билимин тереӊдетүү жана иш көндүмдөрүн жакшыртуу моттвациясы;
  • өзүнүн журналисттик практикасында алынган билимин пайдаланууга даярдыгы.

Тренинг алкагында объектиге баруу жана ишке ашырылган энергия жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды көрсөтүү пландалууда.  

Бул курс катышуучуларга төмөнкүдөй жардам берет:

  • климаттын өзгөрүшү жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттары боюнча БУУнун негизги эл аралык алкактарын түшүнүүнү жакшыртуу;
  • улуттук жашыл экономика саясатынын негиздерин - энергия үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулук саясаты, энергиянын кайра жаралуучу булактары, NDC, Жашыл экономика жана жашыл таксомания иш-аракеттер планын кошуу менен таанышуу;
  • ар кыл тармактагы энергия натыйжалуу жана ресурс үнөмдүү технологияларды түшүнүү жана анын түрлөрү жөнүндө темаларды тереӊ окуп үйрөнүү;  
  • алдыӊкы тажрыйбага жана эл аралык стандарттарга ылайык энергияны үнөмдөө чараларынын техникалык жана экономикалык негиздемелери боюнча базалык көндүмдөрүн алуу;  
  • катышуучуларды энергия натыйжалуулуктун базалык эсептөөлөрү/ ЭКЖБ, финансылык чыгымдардын ресурстарга таасири жана энергиянын жана СО2 бөлүп чыгаруунун финансылык талдоосу менен тааныштыруу;
  • сиздин коомдук долбооруӊузду туруктуу жана экологиялык жактан таза ыкмалар колдонулган идеяга өзгөрүү менен энергияны керектөөнү өлчөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн натыйжалуу инструменттер жөнүндө билим алуу;
  • жамаат деӊгээлинде энергияны үнөмдөө чараларынын жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын экологиялык артыкчылыктарын кантип бөлүшүү жөнүндө түшүнүү.  

Тренингге катышуу үчүн өтүнмөнү төмөнкү шилтемедеги каттоо формасында жөнөтүүнү суранабыз:

https://forms.gle/pfws75ChRDoSHee37

Өтүнмөнү толтуруу милдеттүү шарт болуп саналат.

Өтүнмөлөрдү жөнөтүү үчүн дедлайн – 10-октябрь, 2024-ж, 17:00.

Кошумча маалымат жана ЖМК аккредитациясын алуу үчүн ЮНИСОН Групп ПР-менеджери Асель Айтбаевага төмөнкү номерлер боюнча байланышыӊыздар: +996 551 61 40 58 (w/a).

Бизге жазыӊыз