Бул жерден сиздер туруктуу өнүгүүгө, экологияга жана жашыл экономикага арналган, болуп өткөн жана алдыда күтүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө биле аласыздар. Биз эксперттер менен жаштарды жана кызыкдар тараптарды чогултуп, инновациялык чечимдерди жана биргелешкен иш-аракеттерди табуу үчүн талкууларды, форумдарды жана тренингдерди уюштурабыз.
Өткөн окуялар

2026-жылдын 17-апрелинде Ош шаарынын мэриясы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) Ош шаары үчүн биринчи «Жашыл шаар» аракеттер планын (GCAP) иштеп чыгуу процессинин башталышына арналган иш-чара өткөрүштү. Бул план Кыргызстандагы экинчи ири шаардын экологиялык жактан туруктуу, коопсуз жана өнүккөн келечегине багытталган стратегиялык жол картасы болуп саналат.

Бишкекте 2025-жылдын 16-декабрында «Имараттарды энергиялык сертификаттоо: жаңыртылган методология жана санариптик инструменттер» аттуу мастер-тренинг өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандагы энергия эффективдүүлүгүнүн келечектеги өнүгүүсүнө негиз боло турган жаңы ыкмаларды жана санариптик чечимдерді таанытуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

2025-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарында «Энергоэффективдүүлүк боюнча улуттук диалог: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечектер» аттуу иш-чара өтөт.

2025-жылдын 21-октябрында Бишкек шаарында Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуу программасынын (ЦАРЭС) Аялдардын бизнес-форуму болуп өттү. Форум Борбордук жана Батыш Азиядагы гендерге багытталган жашыл инновациялар боюнча маанилүү маселелерге арналды.

Бишкекте 2025-жылдын 11-апрелинде имараттардын энергетикалык классын эсептөөнүн жаӊы инструментин өздөштүрүү боюнча тренерлер үчүн тренингдердин (ToT) гибриддик онлайн-оффлайн окутуу сериясынын үчүнчү сессиясы болду.
Кимдер үчүн: архитекторлор, инженерлер, энергия натыйжалуулук боюнча консультанттар.