Өнөктөштөр биздин ишти жогору баалаганына жана өздөрүнүн долбоорлорун бизге ишенип бергенине биз абдан сыймыктанабыз. Биздин кардарлар биздин эксперттик иштин сапатын, кесипкөйлүгүбүздү, ачыктыгыбызды жана курчап турган чөйрөнү жана экологияны сактоо боюнча баалуулуктарга чын дилден берилгендигибизди баалашат. Биз аткарылган ар бир долбоордун туруктуу өнүгүүнүн стандарттарына ылайык жана коомго пайда алып келишине умтулабыз.
Алар ЮНИСОН Групп менен кызматташуу жөнүндө ушундай ой-пикирлерин айтышат:
Давида Вуд
Энергия менен камсыз кылууну башкаруу демилгеси, Дүйнөлүк ресурстар институтунун Алдыӊкы изилдөөлөр борбор, Вашингтон, Колумбия округу, Улук илимий кызматкер «Юнисон Дүйнөлүк ресурстар институту 2008-жылдан бери Секретариаттын функциясын аткарып жаткан Энергия менен камсыз кылууну башкаруу боюнча демилгелердин (EGI) өнөктөшү. EGI бул электроэнергетика секторун бир кыйла натыйжалуу башкарууга көмөктөшүү максатында иштеп жаткан жарандык коом уюмдарынын глобалдык тармагын билдирет. Ачыктык, отчеттуулук жана коомчулуктун катышуусу боюнча EGI көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен секторду башкарууну баалоо жүргүзүү EGI өнөктөштөрү үчүн биринчи кадам болуп саналат. Юнисон Кыргызстанда EGI үчүн башкарууну баалоо жүргүздү жана абдан жогорку сапаттагы отчет даярдады – бул EG баалоосу жүргүзүлгөн 13 өлкөнүн арасынан эӊ мыкты баяндамалардын бири болду».
«Биз долбоор менен иштешкен учурда, Юнисон Кыргызстандагы жашоо шартты жакшыртууга чындап кызыкдар, ишенимге татыктуу өтө аракетчил өнөктөш экенин түшүндүк. Бул долбоордун географиялык алкагына жана Кыргызстандагы бюрократиялык көйгөйлөргө карабастан Юнисон коюлган бардык тапшырмаларды өз убагында жана кесипкөйлүк менен аткара алды. Мисалы алардын финансылык пландаштыруусу долбоорго тартылган бардык катышуучулар үчүн абдан деталдуу жана ачык-айкын аткарылган. Мындан тышкары, Юнисон күтүлбөгөн кырдаалдарга адаптация болуу жана баштапкы максаттарды жана пландарды аткарууга даяр болууга жана ошону менен бирге иштин жогорку сапатын сактоо үчүн абдан зор ийкемдүүлүктү жана эӊ чыгармачыл потенциалын көрсөттү».
«OSF финансылык колдоону гана камсыз кылды, ал эми Юнисон ушул беш жылдык долбоорго байланышкан бардык иш-чаралар боюнча пландоо, ишке ашыруу, баалоо жана отчет түзүү иштери үчүн жооптуу болду. Юнисон ошол убакыт ичинде ар бир долбоордун ийгилигине өзүнүн берилүү менен иштегенин көрсөтө алды, бул долбоордун бардык баскычтарында ар бир майда бөлүктөргө кылдат көнүл коюу, өзүнө графиктер менен күн тартибин, сапатты текшерүү, коммуникация, башкаруу баалоо жана документтер боюнча отчеттуулукту камтыган иштерден көрүндү. Долбоорго байланыштуу бардык иш-чаралар жана жол-жоболор эӊ жогорку деӊгээлдеги кесипкөйлүк жана ачык-айкындык менен аткарылды жана бардык керектүү документтер жана эсептер токтоосуз түрдө берилди.
Биз Юнисонду беш жыл аралыгында колдоо менен ошол мезгилде ал баштапкы чакан өкмөттүк эмес уюмдан Кыргызстандын жарандык коомунун эӊ кесипкөй жана таасирдүү уюмдарынын бири болуп өсүп чыкканына өз көзүбүз менен байкоо салып турдук».
«Жарандык коом менен мамлекеттик институттардын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн негизги механизми - агартуу ишмердүүлүгү, тагыраак айтканда билим берүү болуп саналат: эгерде адамдар бири-бирин укпаса же түшүнбөсө диалог баштоо мүмкүн эмес».
Светлана Баштовенко
«Карыялар үчүн ресурстук борбор» КБ, директор "Юнисон экология жана климат секторундагы эӊ күчтүү жана таанымал уюмдардын бири.
Уюмдун потенциалы өнүгүүгө гана эмес, өз өнөктөшү болгон башкаларды дагы этика жол-жоболорун сактоо менен өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Бир нече жылдан бери ЮНИСОН бир максатты көздөгөн жана курчап турган чөйрөнү коргоо саясатын илгерилеткен белгилүү жана компентенттүү уюмдар кирген климаттык тармакты координациялайт.
Юнисон уюмунун келечеги кенен жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар, ал мамлекеттик түзүмдөр менен бирге аракеттенет жана Кыргызстандын эл аралык деӊгээлдеги позициясын бекемдеп келет."