Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Потенциалды жогорулатуу

ЮНИСОН Групп Кыргызстандагы климаттык компетенттүүлүктү жана туруктуу практикаларды өнүктүрүү боюнча демилгелерди ишке ашырат. Биз туруктуу өнүгүү үчүн жергиликтүү, аймактык жана улуттук деӊгээлде бекем негиз түзүү менен мамлекеттик, билим берүү жана жеке менчик түзүмдөргө климаттык коркунучтарга натыйжалуу чара көрүүгө жардам беребиз.
Биздин максат – жөн гана билимдерди өткөрүп берүү эмес, экологиялык транформация мүмкүн, системалуу жана узак мөөнөттүү болуп кала турган чөйрө түзүү болуп саналат.

Биз эмне сунуштайбыз:
Билим берүү жана окутуу программалары

  • Климаттык адаптациялоо жана көмүртек изин азайтуу боюнча тренингдер

Катышуучулар климаттык коркунучтарды баалоо, адаптациялык стратегияларды иштеп чыгуу жана климаттык өнүттөрдү өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө интеграциялоо үчүн актуалдуу билимдерди жана практикалык инструменттерди алышат.

  • Архитекторлор, инженерлер, долбоорчулар үчүн кесиптик курстар

Туруктуу долбоорлоо, энергия натыйжалуу чечимдер, экологиялык материалдар жана климатка ылайыкташкан шаар куруу ишин камтыган жана эл аралык стандарттарга негизделген адистештирилген программалар.

  • Экологиялык технологияларды киргизүү боюнча семинарлар жана воркшоптор

Бул сууну үнөмдөө, туруктуу айыл чарбасы, калдыктарды башкаруу, энергиянын альтернативдүү булактары жана бизнестеги жашыл инновациялар темаларын камтыйт.

Биздин программалар кимдерге арналган:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык органдар

Туруктуу өнүгүү программаларын башкаруу, саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууга климаттык көз караштарды интеграция кылуу үчүн потенциалды жогорулатуу.

  • Бизнес-коомчулук, финансылык мекемелер ж.б. компаниялар

Корпоративдик жоопкерчиликке, ESG-стратегияларга, ресурс үнөмдөөгө жана экологиялык сертификациялоого окутуу.

  • Университеттер, колледждер жана ар кандай билим берүү программалары

Окутуу курстарын иштеп чыгууга, окутуучуларды даярдоого, тажрыйба алмашууга жана билим берүүгө колдоо көрсөтүү.

  • Коммерциялык эмес уюмдар жана жарандык активисттер

Климаттык адилеттүүлүк маселесинде жарандык коомдун ролун жогорулатуу жана экологиялык саясатка мониторинг жүргүзүү.

Биздин иштин жыйынтыгы:

  • Ар кыл тармактардын адистери арасында климаттык сабаттуулукту жогорулатуу
  • Стратегияларга, долбоорлорго жана күндөлүк процесстерге туруктуу практикаларды интеграциялоо
  • Эл аралык стандарттарга, методдорго жана эксперттик ресурстарга жетүү
  •  Кесиптик жана сектор аралык өнөктөштүктү түзүү жана кеӊейтүү

Көбүрөөк билгиӊиз келеби?
Биз кызматташууга ачыкпыз жана сиздин уюмдун талабына ылайык жекече чечимдерди сунуштоого даярбыз.
Консультация алуу, билим берүү программаларына кошулуу же биргелешкен долбоор сунуштоо үчүн бизге жазыӊыз.

Консультацияга буйрутма берүү үчүн бизге жазыӊыз.

Өткөрүлгөн конференциялар:

10 из 15
Көндүмдөрдү жана билимди өнүктүрүү, өспүрүм кыздар менен балдардын жана жаштардын потенциалын чыӊдоо, алардын COP29 максаттарына ылайык климатка байланыштуу демилгелерин ишке ашырууга мүмкүндүк берген суу жана климатка байланышкан күч-аракеттерин бириктирүү, саясий диалогдорго катышуу жана туруктуу...
«Жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө дем берүү боюнча натыйжалуу жөнгө салуу механизмдерин жана чараларды ишке ашыруу боюнча укуктук талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу.
Негизги максаты Кыргызстандын өкмөтүнүн Имараттарды жашыл реновация кылуу процессине ички мигранттарды тартуу иш-аракеттерине көмөктөшүү болуп саналат.    
Энергия жана ресурс үнөмдүү чечимдерди инвестициялоону колдоо. Инвестициялардын өлчөмү: 50 миллион АКШ доллары. www.kyrseff.kg https://www.facebook.com/KyrSEFF https://www.instagram.com/kyrseff https://www.youtube.com/channel/UCOgXZcTj7ZC-hM4EnJuja4Q 
Долбоордун максаты – бардык кызыкдар тааптардын маалымдуулугун жогорулатуу жана жарандык сектор менен Кыргызстандын жаштарынын климаттын өзгөрүү маселелеринин COY17, COP27 сыяктуу глобалдык деӊгээлдеги процесстерине катышуусун күчөтүү.    
Содействие повышению информированности населения Кыргызстана и его способности пройти/пережить осенне-зимний период 2014/2015 года с минимальными потерями для экономики домохозяйств; Распространение знаний среди населения по вопросам управления водными и энергетическими ресурсами и...
Бишкек шаарынын жашоочуларынын жана конокторунун көӊүлүн климаттык өзгөрүүнүн көйгөйлөрүнө буруу      
Айылдын мектебине эко-сан даараткана курулду, бул айыл жергесиндеги катаал шарттарда коопсуз жана ыӊгайлуу колдонууну камсыз кылат. Коомдук билим берүү мекемелерине белгиленген талаптарга ылайык, эко-сан даараткананын курулушу иштелип чыккан долбоордук документтердин жана санитардык ченемдердин...
Климаттык өзгөрүүнүн алдын алуу боюнча европалык ийгиликтүү моделдердин бет ачары; Климаттык өзгөрүүнүн алдын алуу үчүн Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттөрүн, бизнес-түзүмдөрүн жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарын мотивациялоо;  
Бизге жазыӊыз