Датасы:
- Июнь 2021-ж. - Декабрь 2022-ж.
Локация:
- Кыргызстан
CTCN
Долбоор коомдук жана турак жай жана учурда колдонулуп жаткан энергетикалык натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жакшыртылган имараттар үчүн буу казан, жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо жабдуулары, ошондой эле көп батирлүү турак жай имараттарынын тосмо конструкциялары үчүн үч улуттук курулуш ченемдерин жана эрежелерин (СнИп) жаӊылоодо Мамкурулушка техникалык жардам (ТЖ) көрсөтүү максатын көздөйт.
«АВОК» коммерциялык эмес өнөктөштүк.
- ТЖ координациялык механизмин жана кызыкдар тараптардын инклюзивдик жумушчу тобун түзүү
- Коомдук жана турак жай имараттарына тиешелүү эл аралык алдыӊкы тажрыйбага жана колдонуудагы улуттук ченемдик-укуктук базанын боштуктарына талдоо жүргүзүү. Таза энергияны жана курулуш материалдарын пайдалануунун бир кыйла актуалдуу технологиялары аныкталды.
- Тандалган үч курулуш ченемдер жана эрежелердин биринчи долбоорлорун иштеп чыгуу.
- Биринчи долбоорлордун расмий экспертизасын жүргүзүү жана кайра каралган курулуш ченемдерин толук жеткире иштеп чыгуу.
- Кайра каралган курулуш ченемдерин жана эрежелерин колдонууга киргизүү жана алардын сакталышын камсыз кылуунун натыйжалуу механизмин жана интрументтерин иштеп чыгуу.
- Кайра каралган курулуш ченемдери жана эрежелери бардык жаӊы жана колдонулуп жаткан коомдук жана турак жай имараттарынын энергия керектөөлөрүн жөнгө салууга багытталган энергетикалык натыйжалуулукка карата милдеттүү минималдык талаптарды белгилейт.