Категория:
Датасы:
- Август 2023-ж.
«Хан-Тенир» рестораны 800 орундуу «Dasmia» комплексинин бөлүгү болуп саналат. 2016-жылы ал жакта 12 күн коллекторунан жана 2 жылуулук насосунан турган, жалпы 1300 м2 аянтты жылыткан күн системасы орнотулган. Ал система суткасына 4 тоннага чейин сууну ысыта алчу. Күн системасын орнотуунун эсебинен объект жылытуу жана ысык суу менен камсыз болуу жагынан шаардык жылытуу системасынан толук өз алдынчалыкка өткөн. Энергия натыйжалуулукту жогорулатуу максатында имараттын полу жылууланган, энергияны жакшы сактай турган терезелер жана светодид шамдар орнотулган. Энергия үнөмдөө боюнча ишке ашырылган чаралар комплекси ресторанга жылына 211 МВтс энергия үнөмдөөгө мүмкүндүк берет (же базалык мааниден 35%), ошону менен бирге CO2 бөлүп чыгарууну жылына 36 тоннадан кем эмес кыскартат.