Датасы:
- 05/2025-09/2025
Локация:
- Кыргызстан
Дүйнөлүк Банк
Кыргызстанда жылуулук насостор рыногун изилдөө багытталган абанын сапатын жакшыртуу боюнча Дүйнөлүк Банк колдогон долбоор өз ишин баштады. Долбоорду ЮНИСОН Групп ишке ашырмакчы.
Долбоордун максаты – абанын сапатын сактоону башкаруу жана Бишкек шаарындагы PM2.5 таштандыларын жана парник газдарын бөлүп чыгарууну кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын дараметин чыӊдоо болуп саналат. Демилге абанын сапатын башкаруу системасын жакшыртууга, жылытуу жаатындагы экологиялык жактан таза чечимдерди колдоого, шаарларды жашылдандырууга багытталат. Долбоорду аткаруунун жүрүшүндө үй чарбалары үчүн турак үйдү жылытуунун экологиялык таза варианттарына инвестициялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жолу менен жылытуунун экологиялык таза технологияларын Бишкек шаарындагы жеке турак үйлөрдө пайдаланууну кеӊири жайылтуу үчүн рынок түзүү боюнча чараларды ишке киргизүү пландалууда.
Жеке финансылык институттар жылытуу жаатындагы экологиялык жактан таза чечимдерге өтүүгө кызыккан аз кабаттуу үйлөргө, ошондой эле экологиялык таза технологияларды жана жылытуу кызматтарын пайдалануу аркылуу өз бизнесин кеӊейтүүгө кызыкдар бардык жеке уюмдарга субкредиттерди берилери күтүлүп жатат.
Ушуга байланыштуу жеке сектордун учурдагы түзүмүн баалоо максатында турак үйлөрдү жылытуу секторундагы жылуулук насостор рыногуно толук түрдө талдоо жүргүзүлөт. Ошондой эле, Бишкек шаарынын жеке турак жайлары үчүн жылуулук насосторун пайдалануу аркылуу жаӊы ыкмаларды пайдаланууга киргизүүгө карата жеке сектордун кызыгуусу жана суроо-талабы аныкталат.