ЮНИСОН Групп эл аралык деӊгээлдеги жетишкендиктери жана таанылгандыгы менен сыймыктанат. Биз өзүбүздүн инновациялык долбоорлорубуз жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымыбыз үчүн бир нече абройлуу сыйлыктарды алганбыз.
![]() Датасы:
2025 Экологиялык жоопкерчилик, туруктуу энергетика ЮНИСОН Групп эксперти Бакыт Аскарбеков Gabriel Al-Salem Foundation Габриэль Аль-Салем фонду негиздеген консалтинг жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн 2025 Эл аралык сыйлыгынын «Экологиялык жоопкерчилик, туруктуу энергетика» категориясында жогорку сыйлыкка татыктуу болду. |
![]() Датасы:
2024 Жаштар саясатынын мыктысы Биз UNISON Group уюмунун Климаттын өзгөрүшү программасынын координатору Бегим Жанузакова КРдин «Жаштар саясатынын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган жаӊылыкты кубануу менен бөлүшөбүз. |
![]() Датасы:
2024 Gender Climate Awards Борбордук Азиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын (БААЭК) алкагында гендердик теӊчилик жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы жетишкендиктер үчүн 2024-жылдын “Gender Climate Awards” сыйлыгы Астанада (Казакстан) 2024-жылы 6-ноябрда өткөн жогорку деӊгээлдеги салтанаттуу иш-чарада БААЭКке мүчө-мамлекеттердин 15 өкүлүнө жана уюмдарга тапшырылды. |
![]() Датасы:
2019 Номинация: Жашыл экономика жана курчап турган чөйрө үчүн консалтинг мыктысы Габриэль Аль-Салем атындагы Эл аралык сыйлык 2019: ЮНИСОН Групп «Жашыл экономика жана курчап турган чөйрө үчүн консалтингдин мыктысы» номинациясында консалтингдеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн бааланган. Бул сыйлык консалтингдеги жогорку кесиптик стандарттарды жана дүйнөдөгү мыкты практикаларды жайылтууга кошкон биздин салымыбызды белгилейт. |
![]() Датасы:
2016 Energy Globe Award 2016: Бизге бул сыйлыкты ЕРӨБ иштеп чыккан жана Евросоюздун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасы (KyrSEFF) алып келди. Программа турак жайларда жана ишканаларда энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн жеӊилдетилген каржылоону камсыз кылат. |
![]() Датасы:
2011 Energy Globe Award 2011: Биз бул сыйлыкты «Коммуна айылындагы медициналык пункт үчүн энергия үнөмдүүлүк жана энергиянын кайра жаралуучу булактары» пилоттук долбоору үчүн жеӊип алдык. Долбоор энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана курулуштагы энергия натыйжалуу методдорду колдонуунун артыкчылыктарын көрсөттү. |





