«Имараттарды энергиялык сертификаттоону өркүндөтүү: жаңыланган методология жана санариптик инструменттер» мастер-тренинги
Бишкекте 2025-жылдын 16-декабрында «Имараттарды энергиялык сертификаттоо: жаңыртылган методология жана санариптик инструменттер» аттуу мастер-тренинг өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандагы энергия эффективдүүлүгүнүн келечектеги өнүгүүсүнө негиз боло турган жаңы ыкмаларды жана санариптик чечимдерді таанытуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Имараттарды энергиялык сертификаттоо бул имараттардын энергиялык мүнөздөмөлөрүн объективдүү баалоого, энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого жана заманбап технологияларды колдонууга өбөлгө түзгөн механизм.