Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Жылуулоо боюнча кейстер

Кыргызстанда туруктуу жана энергия натыйжалуу турак жайды жайылтуунун алкагында калктын социалдык колдоого муктаж жамааттарында жеке менчик үйлөрдү жылуулоого өзгөчө көӊүл бурулат. Бул бөлүм имараттарды жылуулоо боюнча чаралардын терезелерди алмаштыруу жана дубалдарды жылуулоодон тартып эски курулуштарды комплекстүү реновациялоого чейинки мыкты мисалдарын сунуштайт. Жумуштар климаттык шарттарды, курулуштун өзгөчөлүгүн жана үй чарбалардын жекече муктаждыгын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Берилген кейстер атүгүл ресурстар чектелүү шарттарда да жашыл курулуштун жеткиликтүү чечимдерин колдонуу менен кантип жылуулуктун жайлуу деӊгээлин көтөрүүгө, энергия жоготууну кыскартууга жана жашоонун сапатын жакшыртууга болорун көрсөтүп берет.

Төмөндө ушундай иш-чаралар ишке ашырылган айрым үйлөрдүн баяны берилген.

Кейстар

Борбордун калктуу конушундагы 6 бала жашаган үйгө жылуулоо жасалды жана оӊдолду. Муздак имараттан жайлуу жылуу турак жайга айлануу

Динара Чонтоеванын үйү көп жылдардан бери оӊдолбой турган. Алты баланы тарбиялоо, үйдө тартипти камсыз кылуу жана жумушта иштөө ал үчүн оӊой эмес болчу. Аянты 89 чарчы метрди түзгөн турак жай толук оӊдоп-түзөө иштерине муктаж эле. Анын дубалдары чийки кыштан тургузулган, эч жылууланган эмес жана жыгач полунун кемчиликтери көп болчу. Үйгө жылуулоо жана оӊдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүү абдан зарыл эле. Ошондуктан Эл аралык миграция уюмунун Өнүктүрүү фондунун колдоосунда (IDF) «Кыргызстандагы жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында Динара Чонтаевага эӊ керектүү жардам көрсөтүлдү. Дубалдарына минералдык була менен жылуулоо изоляциясы жасалды, анын сыртынан декорациялык шыбак тартылды. Ошондой эле, аянты 20 чарчы метр фронтон жасалды, жалпы 5 терезе энергия натыйжалуу терезелерге алмашылды, алар турак жайдын ичинде жылуулукту сактоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, суу тоскуч жана сайдинг ж.б. иштер боюнча монтаждоо иштери аткарылды.
Жасалган энергия натыйжалуу чаралардын натыйжасында бул үйдө жашоо үчүн жайлуу жана ыӊгайлуу шарт түзүлдү.

Ак-Босого турак жай конушундагы үйдүн дубалдары үчүн жылуулоо изоляциясы

Ак-Босого жаӊы конушунун жашоочусу Аида Ырысбаева балдарын өзү жалгыз тарбиялап өстүрүп келет. Алар жалпы аянты 60 м2 салкын үйдө турушчу. Турак жайдагы жылуулоонун жоктугунан кыш түшкөндө бөлмө ичиндеги температура араӊ 17 градусту көрсөтчү. Аида Ырысбаева акча каражаттын жоктугунан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылган, алар өз кезегинде Аиданын дарегин Эл аралык миграция уюмунун (IDF) Өнүктүрүү фондунун колдоосунда «Кыргызстанда жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында анын үйүнө ремонт иштерин жүргүзүү үчүн беришти. Жыйынтыгында ал үйдө оӊдоп-түзөө иштери башталып, дубалдарына 50 мм калыӊдыктары минералдык жылуулагыч материалдан жылуулук изоляциясы жасалды, сыртынан декор шыбак тартылды. Мындан тышкары, Аида Ырысбаева өз демилгеси менен откана бөлмөсүн кошумча жылуулоону жана сыртынан коргоону жакшыртуу үчүн бардык дубалдарды 2 катмар лак менен сырдоону чечти. Ошондой эле, дубалдын этегине 30-40 см кызыл түстөгү кыш түрүндөгү декор жабуу жасалды. Үйдүн ээси короонун негизги дарбазасын дагы жаӊыртты. Ошону менен бирге туугандардын күчү жана каражаты менен отканасы да жылууланды.

Бишкектин «Калыс-Ордо» конушундагы Айшуру Жаныбекованын үй-бүлөсү үчүн үйдү кеӊейтүү

Бишкек ш. «Калыс Ордо» жаӊы конушунун тургуну Айшуру Жаныбекова жолдошу жана балдары менен мурда өрт болгон эски үйдө жашап турган. Өрттөн кийин үйдүн шыптарына жана ички жасалгасына катуу доо кеткен, эмерек жана башка буюм-тайымдар жабыркаган. Турак жайдын өзү да көптөн бери оӊдоп-түзөөгө жана жылуулоого муктаж болчу. Үй-бүлөнүн оӊдоо иштерине жетиштүү каражаты жок эле. Бирок Эл аралык миграция уюмунун Өнүктүрүү фонду колдогон (IDF) «Кыргызстандагы жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында берилген жардам менен ал үйгө комплекстүү  жылуулоо жүргүзүлгөн. Анын алкагында дубалдарды, пайдубалды, шыпты жылуулоо жасалган, жаан тоскуч жана фронтон орнотулган, ошондой эле энергияны жакшы сактоочу терезелер, эшиктер коюлуп, тамбур ж.б. курулган. Эми Айшуру Жаныбекованын үй-бүлөсү жаӊы жылуу үйдө жашап калды.

«Ак-Бата» конушунун тургуну пенсионер Ира Шакированын өзгөргөн үйү

Шакирова Ира Таштановнанын пенсияга чыкканына 5 жылдан ашты жана учурда балдары менен «Ак-Бата» конушунда жашайт. Анын 26 чарчы м. чакан үйү көптөн бери оӊдоп-түзөөгө муктаж эле. Турак жай кыш мезгилине ылайык жылууланган эмес, андыктан үйдүн ичи ным тартып, суук болчу. Мындан тышкары, бир бөлмөнун дубалына жарака кетип, шыбында тешик пайда болгон. Андыктан кар же жамгыр жааса үйгө тамчы таамп, эч качан жылычу эмес. Ушундай шартта жашап жаткан Ира Шакировага Эл аралык миграция уюмунун Өнүктүрүү фонду колдоп жаткан (IDF) «Кыргызстандагы жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында керектүү жардам көрсөтүлдү. Авариялык абалдагы үйдүн жанында чакан үй турчу, натыйжада ал кеӊейтилди жана толук курулуп бүткөрүлдү. Жаӊыланган турак жайда дубалдарды, полду, шыпты жылуулоо жасалды, суу тоскучтары менен чатыры жабылды, энергия натыйжалуу терезелер жана үйгө кирүүчү эшик орнотулду. Мындан тышкары, туугандардын жана курулуш компаниясынын күчү менен тамбур менен кошумча бөлмө курулду. Ошентип Ира Шакированын үй-бүлөсү аткарылган энергия натыйжалуу чаралардын жыйынтыгында кыш мезгилин жылуу турак жайда өткөрмөй болду.

Бизге жазыӊыз