ЮНИСОН Групп Бишкекте өтө турган энергияны үнөмдөө жана чакан кайра жаралуучу энергия булактары боюнча тренингге катышуу үчүн конкурс жарыялайт

Урматтуу коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана экологиялык активисттер,

ЮНИСОН Групп 2024-жылдын 24-25-октябрында Бишкекте өтө турган энергияны үнөмдөө жана чакан кайра жаралуучу энергия булактары боюнча 2 күндүк тренингге катышуу үчүн конкурс жарыялайт.

Тренингдин алкагында сиздер энергияны үнөмдөөчү технологияларды өз ишиңиздерде колдонуу аркылуу айлана-чөйрөнү коргоого жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө кандай салым кошо аларыңызды билесиздер. Окутуу программасы топтук талкуулар, тематикалык изилдөөлөрду камтыйт жана катышуучулар үчүн энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды сактоочу иш чаралар менен объектке баруу аркылуу таанышуу каралган.

 

Тренингдин негизги темалары:

• Үй чарбаларында энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү;

• Энергияны үнөмдөө жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча саясат жана мыйзамдар;

• Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык инструменттер;

• Жашыл технологияларды социалдык тармактар аркылуу илгерилетүү ыкмалары.

 

Куну: 2024-жылдын 24-25-октябры

Дареги: Бишкек ш., The Plaza Hotel Bishkek, Тоголок – Молдо көч., 52

Тренингдин тилдери: кыргызча жана орусча

Тренингдин алкагында объектке баруу аркылуу энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды сактоочу технологияларды иш жүзүндө колдонуу көрсөтүлөт.

 

Лекторлор:

Нурзат Абдырасулова – ЮНИСОН Групптун президенти, энергия жана ресурстарды үнөмдөө боюнча эксперт

Бакыт Аскарбеков – ЮНИСОН Групптун жашыл экономика жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча эксперти

Жаныбек Кулумбетов – ЮНИСОН Групптун инженери, энергия жана ресурстарды үнөмдөө боюнча эксперт

 

Коомдук уюмдар жана активисттер үчүн тандоо критерийлери:

• Экология жана туруктуу өнүгүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын өкүлдөрү;

• Айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларына катышкан экологиялык активисттер;

• Климаттын өзгөрүшү жана экологиялык саясат боюнча долбоорлорго катышуу тажрыйбасы (эске алынат);

• Өз уюмдарынын ишинде энергияны үнөмдөөчү жана кайра жаралуучу технологияларды колдонууга мотивация.

Бул курс катышуучуларга жардам берет:

• Климаттын өзгөрүшү жана Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча БУУнун негизги эл аралык алкактарын түшүнүүнү жакшыртуу;

• Энергияны үнөмдөө жана энергияны үнөмдөө саясатын, кайра жаралуучу энергия булактарын, NDC, Жашыл экономика боюнча иш-аракеттер планын жана жашыл таксономияны камтыган улуттук жашыл экономика саясатынын негиздери менен таанышуу;

• Ар кандай тармактарда энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды сактоочу технологиялардын түшүнүктөрү жана түрлөрү боюнча темаларды тереңирээк изилдөө;

• Эл аралык стандарттар жана мыкты тажрыйбаларга ылайык энергияны үнөмдөө чараларынын техникалык жана экономикалык негиздүүлүгүнүн негизги көндүмдөрүн алуу;

• Катышуучуларды энергияны үнөмдөө/кайра жаралуучу энергия булактары боюнча негизги эсептөөлөр, ресурстарга кеткен чыгымдардын каржылык таасири, энергия жана CO2 эмиссияларынын каржылык анализи менен тааныштыруу;

• Энергия керектөөнү өлчөө жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу инструменттери жөнүндө билим алуу, коомдук долбооруңузду туруктуу жана экологиялык таза ыкмаларды колдонгон идеяга айландырууга басым жасоо;

• Энергияны үнөмдөө жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча чаралардын экологиялык пайдасын коомдук деңгээлде кантип бөлүшүү керектигин түшүнүү.

Тренингдерге катышуу үчүн арыздарды төмөнкү шилтеме боюнча каттоо формасында жөнөтүңүздөр https://forms.gle/eUt5g5LPxq2kUokx7</a>

Өтүнмө тапшыруунун мөөнөтү – 2024-жылдын 18-октябры, 17:00.

Милдеттүү шарт – Өтүнмө толтуруу.

Тренингге катышуу үчүн аймактардан келген катышуучуларга 10 орун берилет жана бардык чыгымдары жабылат.

Кошумча маалымат алуу үчүн ЮНИСОН Групптун адиси Оксана Гудкова менен төмөнкү байланыштар аркылуу байланышыңыз: +996 776 739 321 (w/a).